Мыкаачы мөңгүсү
Көрүнүш
Мыкаачы мөңгүсү — Сары-Жаз кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 3,2 км2. Сарыжаздын сол куймасы Мыкаачы суусунун төрүнөн орун алган. Башы деңиз деңгели. 4540 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3920 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Мөңгүнүн «тилинин» жарымы мореналар менен текши кап-талган. Мындай көрүнүш Сарыжаз кырка тоосунун батыш бөлүгүнө өтө мүнөздүү. Мөңгүдөн Мыкаачы суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мыкаачы мөңгүсү(жеткиликсиз шилтеме)