Надырбек Алымбеков

Википедия дан
Надырбек Алымбеков, Кыргыз Эл Акыны

Надырбек Алымбеков

Биографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1944-жылы Талас районунун Козучак айылында туулган.

1967-жылы Ташкент текстиль институтун бүтүргөн. 15-жыл бою Оштогу пахтадан кездеме токуу комбинатында (ХБК) катардагы инженерден генералдык директорго чейинки кызматтарда иштеген. Ошол жылдары инженер катары да, башкы директор катары да комбинатты куруу жана монтаждоо иштерине баштан аяк катышкан. Ошол кезде комбинаттагы жалпы жумушчулардын саны 12 миңге жеткен.

1981-1983-жылдары Ош шаардык элдик контролдоо комитетин жетектеген.

1983-жылы ошол учурдагы Кыргызстан КП БКнын чечими менен Кара-Балта килем комбинатын курууга жөнөтүлгөн. 1998-жылга чейин аталган ишкананын башкы директору болуп иштеген. Эмгек жолунда 10дон ашык жетекчи-директорлорду даярдап чыгарган.

Надырбек Алымбеков таланттуу инженер катары ойлоп табуучулук сунуштар боюнча СССРдин лауреаты жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу.
Өлкөнүн өнөр жайына сиңирген эмгеги үчүн бир нече орден-медалдардын жана ардактуу наамдардын ээси. Ал коомдук ишмер катары да, өндүрүш жетекчиси катары да көп жылдар бою шаардык, областтык кеңештин депутаты болуп иштеп келген.

1996-жылдын 28-ноябрында Кыргызстан Жазуучулар Союзунун чукул чакырган пленумдун, андан кийин кезексиз ХII-съездинде аталган союздун төрөгалыгына шайланган. Бул кызматта 2004-жылдын аягына чейин иштеген.

Эки жолу ажылык сапарга барып келген.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармачылык жаатта биртоп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Азыркы күндө 25 китептин автору. Ырлары орус, англис, фарсы, казак, өзбек, түрк, тажик, уйгур, грузин жана азербайжан тилдерине которулуп, аталган өлкөлөрдө китеп болуп чыгарылган.

Атактуу обончу-композиторлор: Р. Абдыкадыров, К. Тагаев, М. Рыскулбеков, К. Эралиева, А. Жайнаков, С. Бактыгулов, М. Осмонов жана А. Бөдөшов өңдүү талант ээлери тарабынан 200гө жакын ырларына обондор жаратылып, эл арасында кеңири ырдалып жүрөт.

2004-жылы Надырбек Алымбековдун «Ыймандан дилим тазарат» деген хадистердин түшүндүрмөлөрүнүн ыр түрүндө берилген көлөмдүү китеби, 2008-жылы «Куттуу Куран маанилери» деген Ыйык Курандын маанилеринин ыр түрүндөгү котормосу, 2009-жылы «Ала-Тоо биз сүйбөсөк бийик болбойт» деген китеби жана 2012-жылы «Ыймандын сулуу дарагы» деген ыйман ырларынын топтому жарык көргөн. Акындын көлөмдүү жана баалуу эмгектеринин эң башкысы болгон Ыйык Курандын маанилеринин ыр түрүндөгү котормосуна беш жыл убакыт кеткен. Бул китеп 2011-жылы Россиянын Укук Ээлери Союзунун жана Бүткүл Россиялык Интелектуалдык Менчиктер уюмунун чечими аркылуу Москва шаарынан да басмадан чыккан. Москвадан чыккан биринчи китеби Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге москвалыктар тарабынан белек катары тапшырылган.

Мамлекеттик жана эл аралык ардактуу наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • СССРдин ойлоп табуучуларынын лауреаты (1973);
  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1974);
  • «Бизнесмен №1» Республикалык конкурстун жеңүүчүсү (1992);
  • ЮНЕСКОнун «Боорукер» сыйлыгынын ээси (1992)
  • Кыргыз Рeспубликасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер (1993);
  • Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси (1995);
  • Эл аралык жазуучулар союзунун аткаруу комитетинин мүчөсү, Москва (1997);
  • Физули атындагы эл аралык адабий сыйлыктын ээси, Москва (1999);
  • Важа Пшевала атындагы адабий сыйлыктын ээси, Грузия (2001);
  • Кыргыз Республикасынын эл акыны (2004);
  • Шахмар Акперзаде атындагы адабий сыйлыктын ээси, Азербайжан (2004);
  • Түрк дүйнөсүн изилдөө эл аралык академиясынын алтын медалы, Анкара, Түркия (2008);
  • Эл аралык акындар конкурсунун лауреаты, Түркия (2004, 2008, 2009);
  • Эл аралык инженердик «Вектор» академиясынын ардактуу профессору, Баку, Азербайжан.
  • III даражадагы "Манас" орденинин ээси (2019).

Кошумча маалыматтар үчүн:[түзөтүү | булагын түзөтүү]