Жеңишбек Назаралиев

Википедия дан
Назаралиев, Жеңишбек Болсунбекович‎»‎ барагынан багытталды)
2009-жылдын Кыргызстандагы президенттик шайлоосунун президенттикке талапкерлеринин бири Назаралиевке тиешелүү агитация боюнча материалдар.

Жеңишбек Болсунбекович Назаралиев (1961) - Кыргызстандын белгилүү наркологу жана саясатчысы. 2009-жылдын Кыргызстандагы президенттик шайлоосунун президенттикке талапкери, бирок шайлоо күнү шайлоо мыйзамсыз өттү деген себеп менен өзүнүн президенттикке талапкерлигин алып салган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңишбек Назаралиев 1961-жылы 8-майда Кыргыз Республикасынын Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында психиатрдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жеңиш күнүнүн алдында төрөлгөндүктөн ата-энеси атын Жеңиш деп коюшат. Жеңиштен улуу эки агасы, эки карындашы жана иниси бар.

Атасы врач-психиатр болгон. Апасы мугалим болуп эмгектенген.

Атасы Оштогу психоневрологиялык диспансерге жумушка жиберилгендиктен, Жеңиштин бала чагы Ошто өтөт. Ал жактан №16 орус тилдүү мектепти аяктайт.

Жаш кезинде спортко аябай кызыгып, спорттун эркин күрөш, каратэ түрлөрү менен машыгат.

1984-жылы Фрунзе шаарындагы Мамлекеттик медицина институтун аяктайт. Адегенде психоневрологиялык диспансерде иштейт, андан кийин бираз убакыт Москвада эмгектенет. Андан кийин 5 жылдык практикасынан кийин өзүнүн наркологиялык Борборун ачат. Ойлогон ой-тилеги ишке ашат.

1989-жылы анын "Змиелов" деген макаласы "Комсомольская правда" деген гезитке чыгат. Ага чыныгы атак-даңк келет.

1991-жылдан 1993-жылга чейин Москвага барып иштеп келгенден кийин Бишкекте биринчи мамлекеттик эмес наркологиялык клиника ачат. Азыркы учурда жеке наркологиялык Борбордо эмгектенүүдө.

Бир кыз бир уулдун атасы.

Жеңишбек Назаралиев дүйнөнү таанып-билүүгө, кесиптик өркүндөөгө жана индиялык ойчул, акын Шри Ауробиндонун интегралдык йогасына кызыгат. Ошондой эле сүрөт ышкыбозу, (таанымал World Press Photo сүрөт конкурсунун катышуучусу), тоо лыжасы, экстремалдык айдоо, дзюдо, муздак тоо суусуна чайынуу, марафон чуркоосуна кызыгат.

Максаты – адамзатты баңгизатка болгон көз карандылыктан куткаруу. Ж. Назаралиев беш континенттеги 45 өлкөнү кыдырып, баңгилик боюнча оң тажрыйбаларды топтогон. 2001-жылы «Избавь и прости» аттуу публицистикалык эмгеги жарык көргөн.

2001-жылы Ж. Назаралиев эл аралык деңгээлдеги бейөкмөт бүткүл дүйнөлүк «Баңгизаттан эркин экыл-эс» уюмун негиздеген. Уюм БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан, буддисттердин лидери Далай-лама XIV, актер жана саясатчы Арнольд Шварценеггер жана башка белгилүү коомдук ишмерлер кубаттаган.

2012-жылы профессор Жеңишбек Назаралиев АКШ, Германия жана Россиядан баңгиге көз каранды 8 катышуучуну дарылоо боюнча 19 бөлүктөн турган тасманын продюсери болгон.