Назым Хикмет

Википедия дан
Назим Хикмет.

Назым Хикмет Ран (Nâzım Hikmet; 15.1.1902 - 03.6.1963) - Түрк коммунист поэзиясына негиз салган жазуучу, акын, коомдук ишмер, XX кылымдын ири өкүлү.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Назым Хикмет 1902-жылы 15-январда Түркиянын (ал кездеги Осмон султандыгынын) Салоники шаарында атактуу бай үй-бүлөдө туулган.

Н. Хикмет 15 жашында согуш-деңиз окуу жайында окууга кирип, бирок революциялык кыймылга катышты деп, окуусунан чыгарылган. Жаш кезинен эле зулумдук менен теңсиздикти, карапайым элди эзип кордогон төбөлдөрдү жек көргөн.

Анын ырлары 1917-жылдан баштап жарыялана баштаган. 1921-жылы Москвага келип Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинен (КУТВ) билим алган.

1949-жылы Парижде “Назым Хикметти сактап калуу” комитети түзүлүп, акынды бошотуу жөнүндө үндөө кабыл алышат, ага бүткүл дүйнөдөгү акын-жазуучулар, сүрөтчүлөр, журналисттер катышкан.

1950-жылы эл аралык Н. Хикметти коргоо кыймылынын кысымынан улам оорулуу акындын ачкачылык жарыялаган нааразылыгынын натыйжасында Түркия өкмөтү ага азаттык берген.

1951-жылы экинчи мекени болуп калган Москвага келип жашап калат. Дүйнөнүн жарымын кыдырып, тынчтык үчүн күрөшүп, өзүнүн эң мыкты ыр-поэма, аңгеме-роман, пьесаларын өз эне тилинде түркчө жазган.

Бул улуу адам 1963-жылы СССРдин борбору Москва шаарында дүйнөдөн кайткан.

Адабият жана саясат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орустун белгилүү коммунист акыны В. В. Маяковский менен болгон чыгармачылык байланышы акындын адабиятка болгон кызыгуусун арттырган. Өзүнүн өмүрүн биротоло адабиятка арнап, бир нече ыр жыйнактарды, драмаларды, публицистикалык жана илимий сын-макалаларды жазган.

Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1928-жылы Баку шаарынан чыккан.

Назым акын бойдон төрөлүп, жалаң гана поэзия үчүн жаралган новатор акын болгон. “835 сап ыр”, “Варан-3”, “Үнү бүткөн шаар”, “Түндө келген телеграмма”, “Портреттер” сыяктуу ыр жыйнактары, “Бенержи эмнеге өз жанын кыйды?”, “Таранта Бабуга кат” аттуу поэмалары жарык көргөн. “Баш сөөк”, “Өлүк үйү”, “Унутулган адам”, “Кызык киши” деген драмалык чыгармаларын жазган.

Чыгармаларында империализмди айыптап, капиталисттик дүйнөнүн тескери жосундарын акындык кудурети менен ашкерелеген. Өз мекени Түркияда куугунтукка алынып, чыгармаларын басууга, жарыялоого тыюу салышкан.

Элди күрөшкө үндөгөн чыгармалары үчүн көп жолу аны түрмөгө камашып, 1938-жылы 28 жылга кесилген. Өмүрүнүн көп жылдарын саясий куугунтук менен 17 жылын түрмөдө өткөргөн. Түрмөдө отурганда мыкты чыгармаларды жаратып, мүмкүнчүлүк болуп калса эле ырларын сыртка жөнөтүп турган. Жер жүзүндөгү элдердин бактысы үчүн жана бекем тынчтыкты орнотууда идеологиялык күрөштүн алдыңкы чегинде болуп, күчтүү дем менен жазылган ырлары аркылуу күрөшкөн патриоттун мизин эч нерсе майтара албады.

“Адамдар панорамасы” деген поэтикалык баяны анын ысымын бүт дүйнөгө белгилүү кылган. “Түрмөдөн каттар” циклин, “Махабат уламышы”, “Жусуп сулуу” пьесаларын жазган. Аны коммунист болуп революция жолуна түшкөнү үчүн эмес, улуу акын, зор инсан болгону үчүн, тар, улуттук элдердин алкагына батпагандыгы акынды көзүнүн тирүүсүндө эле бир катар улутташтары жамандашкан.

"Мен тууралуу гезиттерге чыгып жаткан макалаларды окуп, эч капаланганым жок. Адам катары мен өз эл-жеримди жакшы көрөрүмдү билем. 20,50 жылдан кийин түрк эли ушакчылардын атын таптакыр унутуп коёт, бирок түрк улуту барда, менин түрк тилим жер үстүндө жаңырып турганда, мен ошол тилде, ошол эл жөнүндө эң чынчыл ырларды жазган адам катары жашап кала берем”, – деп түрмөдөн жубайына кат жазган.

Бүткүл дүйнөлүк тынчтыкты сактоонун эл аралык советинин бюросуна жана президиумуна мүчө болгон. Тынчтыктын эл аралык сыйлыгынын лауреаты деген наам ыйгарылган.

Белгилүү акын К. Симонов: “Ал прозаик катары таланттуу, драматург катары эң эле жакшы, акын катары улуу адам болгон”,– деп баа берген. Чыгармалары көзү тирүүсүндө 40тан ашык элдердин тилине которулган. Өз доорунун атактуу, сүйүктүү акынына айланган.

Түрк элинин улуу инсанынын көзү өтсө да, өзү айткандай анын өлбөс-өчпөс чыгармалары түбөлүк жашай берет.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ХИКМЕТ НАЗЫМ. Мажүрүм тал: Тандалма ырлар / Котор: С. Жигитов. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 161 б.
  • Назым Хикмет. Керээз:тандалма ырлар /Маалымат беген: Ы.Медербеков - Ф: КЫргызстан, 2019 - 161 б.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • АКМАТОВА В. С. Назым Хикметтин поэзиясындагы атуулдук-этикалык тема // Түрк элдеринин тили жана адабияты (илимий макалалар жыйнагы). 3-чыг. – Б., 2006. – Б. 252–258.
  • ЖИГИТОВ С. “Түрк ырынын тактысында, түрк элинин жүрөгүндө отурат”// Агым. – 2002. – 1-февр. – Б. 11.
  • МОМУНАЛИЕВ С. Назым Хикметти үйрөнүүнүн айрым жолдору // Эл агартуу. – 2000. – № 11–12. – Б. 16–22.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]