Накталай төлөмгө билдирме
Накталай төлөмгө билдирме (орусча: объявление на взнос наличными) - банктык эсепке акча жайгаштыруу максатында толтурулуучу документ. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген «Төлөм документтерин толтуруу эрежелери жөнүндө Нускоо» боюнча:
- 3.6. Накталай төлөмгө билдирме
- 3.6.1. Коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери жеке адамдардан жана юридикалык жактардан "Накталай төлөмгө билдирме" кассалык документ боюнча (комплект: Билдирме, Квитанция, Ордер) улуттук валютадагы нак акча каражаттарын кабыл алат. Акча каражаттарын салгандан кийин Ордер финансы-кредит мекемесинин бухгалтериясына берилет, Билдирме финансы-кредит мекемесинин кассасында калтырылат, ал эми Квитанция акча каражаттарын салуучуда калтырылат. Финансы-кредит мекемелери "Накталай төлөмгө билдирмеге" кошумча реквизиттерди (логотип, чет тилдерин пайдалануу ж.б.) камтый алат. Накталай төлөмгө билдирменин бланкынын форматы А4 форматынын чегинен ашпоого тийиш.
- 3.6.2. "Накталай төлөмгө билдирме" кассалык документ минимум төмөнкү милдеттүү реквизиттерди камтууга тийиш:
- а) кассалык документтин аталышы;
- б) кассалык документтин иреттик номери;
- в) ал толтурулган жыл, күнү, айы;
- г) нак акча каражаттарын салуучунун аталышы;
- д) "Ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык кодуна" (ОКПО) ылайык нак акча каражаттарын салуучунун идентификациялык коду;
- е) нак акча каражаттарын салуучунун идентификациялык салык номер (ИНН);
- ж) нак акча каражаттарын салуучунун Кыргыз Республикасынын Социалдык фондундагы каттоо номери;
- з) алуучунун банкынын аталышы жана кассалык эсебинин номери;
- и) каражаттарды алуучунун аталышы жана анын эсеп номери;
- к) төлөмдүн аталышы;
- л) төлөмдүн суммасы, жазуу жана цифра менен көрсөтүлгөн;
- м) нак акча каражаттарын салуучунун колтамгасы;
- н) финансы-кредит мекемесинин ыйгарым укуктуу адамдарынын (адамынын) колтамгасы;
- о) финансы-кредит мекемесинин мөөрүнүн оттиски.
- 3.6.3. Накталай төлөмгө билдирменин формасы жана анын реквизиттерин толтуруунун тартиби 6-тиркемеде берилген.