Наргозуев, Бегалы Молдогозуевич

Википедия дан
Наргозуев Бегалы Молдогозуевич (1961-жылы туулган) – Кыргызстандагы заманбап саясат таануучу, журналист, кино таануучу, жеке ишкер.

Бегалы Молдогозуевич Наргозуев(1961-жылы туулган) – Кыргызстандагы заманбап саясат таануучу, журналист, кино таануучу, жеке ишкер.

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бегалы Молдогозуевич Наргозуев 1961-жылы 5-февралда Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган.

1978-1983-жылдары Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) журналистика факультетинде окуган.

1983-1984-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында кинорежиссердун ассистенти болуп эмгек жолун баштаган.

1987-1993-жылдардын аралыгында көркөм фильмдердин директорунун орун басары, жетекчиси болуп иштеген.

1993-жылдан 2003-жылга чейин “Ак калпак” туристтик фирмасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

2003-2004-жылдардын аралыгында “Аман Эйр” авиаагенттигинин директору.

2004-2006-жылдары “Алтын Эйр” авиакомпанияларынын Үрүмчү шаарындагы (Кытай) өкүлү болгон.

2007-жылдан тартып “Эсен Эйр” жеке авиакомпаниясынын Президенти болуп иштеген.

2007-жылдан 2010-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

2010-жылдан азыркы учурга чейин “Аман Эйр” авиаагенттигинин Президетинин кеңешчиси.

2011-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) укук таануу факультетин аяктаган.

Учурда “KyrgyzToday” маалымат-аналитикалык сайтынын негиздөөчүсү катары жетекчилик кызматты аркалап келет.

Үй бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бегалы мырза эки уулдун жана бир кыздын атасы.
  • Жубайы – Мырзапаязова Афиза.
  • Уулдары – Амантур, Эсентур.
  • Кызы - Дайана.

Сыйлыктары жана башка коомдук наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Жылдын мыкты ишкери" наамына ээ болгон. Сертификат, «Агым» газетасы, 30.12.2005-жыл.

"Жылдын мыкты ишкери" наамы 2006-жылы дагы бир жолу ыйгарылган , «Агым» газетасы, 29.12.2006-жыл.

"Манас" америкалык авиабазасы тарабынан “Достук жана биримдик үчүн” аттуу күбөлүгүнө ээ болгон. 15.02.2008-жыл.

Аксы районуна социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Аксы районунун Ардактуу жараны" наамы менен сыйланган. 2009-жылдын май айы.

Кыргызстанда мамлекеттик тилге кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган. Күбөлүк кат. N98. 14.10.2009-ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук мамлекеттик тил комиссиясы.

Улуттук телерадиокорпорациясынын «Кош жылдыз» теледолбоорунун мыкты катышуучусу лауреатынын Диплому менен сыйланган. 29.10.2009-жыл.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламентаризмди жана коомдук-саясий ишмердиги үчүн КР ЖК Төрагасынын жарлыгы менен КР ЖКнын Ардак грамотасы мнен сыйланган. 18.11.2009-жыл.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдык” мааракесине карата КР ЖК Төрагасынын жарлыгы менен сыйланган. 19.11.2009-жыл.

"Жылдын мыкты депутаты" наамы ыйгарылган Диплом менен сыйланды. «Ак жол» газетасы, 24-декабрь, 2009-жыл.

"Жылдын Элдик депутаты" Диплому ыйгарылган. «Народная» газетасы, 25-декабрь, 2009-жыл.

"Жылдын мыкты адамы" наамы менен сыйланган. «Кыргыз караван» газетасы. 25-декабрь, 2009-жыл. Сертификат.

"Жылдын мыкты саясатчысы" наамына татыктуу болгон. «Кыргыз руху» газетасы, 21-март, 2010-жыл. Сертификат.

"Жылдын мыкты ишкери" Диплому ыйгарылган. «Алиби» газетасы, декабрь 2010-жыл.

КР ЖК Кыргыз-Малазия, Индонезия жана Филиппин достук группасынын жетекчиси 2008-жылдын февраль айынан тартып.

Кыргызстандагы Кинематографистер Союзунун мүчөсү. N 213. 26.06.2010-жыл.

2010-жылдан тартып “Содружество» саясий партиясынын мүчөсү.

2011-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) укук таануу факультетин аяктады.

Кызыгуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ишкери Бегалы Наргозуев кинорежиссерлор жана операторлор менен. Эл аралык Кыргыз-Түрк "Манас" университети. 2012-жыл.

Бегалы мырзанын аңчылыкка болгон кызыгуусу өтө күчтүү. Өзүнүн айтымында, аңчылыкта жол болобу, болбойбу бул экинчи маселе, ал үчүн эң башкысы ошол аңчылык процессине катышуу, ошондон ыракат алуу.

Экинчи кызыгуусу – бул «Көк бөрү». Жумасына бир жолу республиканын «Көк бөрү» федерациясы уюштурган көк бөрүгө катышып, жумасына үч жолу улакчылар командасы менен майданга чыгып, көк бөрү тартып келет. "Мен чоң улакчы эмесмин, бирок улактын атын угары менен азартым кармап, ошол жакка кандай жөнөгөнүмдү өзүм да билбей калам", - дейт.

Үчүнчү кызыгуусу – бул тоонун азарты. "Тоого канча чыксам да тойбойм. Айрыкча тоонун 3500 метр бийиктиктен кийинки катаал пейзажы адамды өзүнө катуу азгыртат. Чыгып келгенден кийин көп өтпөй рюкзагыңды көтөрүнүп алып жолго кантип чыкканымды билбей каламын".

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Ийри-Суу капчыгайында, 7-июнь, 2011-ж.

Төртүнчү кызыгуусу - бул кыялында жаратып алган мыкты көркөм тасманы жарыкка чыгаруу. Бегалы мырза, өзү киносценарий жазат. Анын негизинде кинотасма тартууну максат кылып жүрөт.

Бешинчи кызыгуусу - саякаттоо, андан жан дүйнөнүн ырахатын табуу. Тибет, Кытай, деги эле чыгыш философиясына кызыгып келет.

Бегалы мырза белгилүү жазуучу Кубатбек Жусубалиев менен. Алай, Кердегейде тартылган сүрөт. 2006-жылдын май айы.

Айрым интернетте жарыяланган макалалар, маектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]