Нарын (шаар)

Wikipedia дан
(Нарын барагындан багытталды)
Шаар

Нарын
Naryn city.jpg
Желек Герб
Желек Герб
Template:НП/
Өлкө Кыргызстан
Област Нарын
Отурукташкан жай с 1927
Аймагы 40,51 км²
Борборунун бийиктиги 2 020 м
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 4 822[1] адам (2009-жыл)
Улуттук курамы кыргыздар — 98,5%
өзбектөр — 0,4%
дунгандар — 0,4%
уйгурлар — 0,3%
Диний курамы ислам, христиан, атеистер
Этнохороним Нарындыктар
Убакыт аралыгы UTC+6
Телефон коду +996-3145
Расмий сайты http://www.naryn.kg/ Template:Ref-kg
##Нарын (шаар) (Кыргызстан)
Red pog.png
Нарын базары

Нарын шаары Ала мышык тоосунан

Нарын шаары - Кыргызстандагы Нарын облусунун жана Нарын дубанындагы (облусундагы) Теңир-Тоо аймагынын (районунун) акимдик башкаруу калаасы. Нарын облусундагы калк жайгашкан эң ири жай.

Мазмуну

[оңдоо] Кыскача таржымакалы

Нарын шаарынын аймагы - тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер. Мында Ала-Мышык археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.

19-кылымда бул аймакта кокондук чеп курулган.

1868-жылы орусиялык аскерлер Түндүк Кыргызстанды басып алганда, Нарында да атайын аскердик бекемделген жайды негиздешкен. Акырындап ал жай ири кыштакка жана шаарчага айлана берген.

[оңдоо] Климаты. Географиялык абалы

Шаар Сыр-Дарыя дарыясына башат болгон Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Климаты - континенталдык.


[оңдоо] Чарбасы. Өнөр жай ишканалары

Шаарда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеп чыгуу менен байланышкан бир катар чакан ишканалар (эт комбинаты, сүт комбинаты), электр тармагын тейлөө мекемелери бар. Нарын шаарындагы «Жамал» торт кондитердик ишканасы 2003-жылы ачылып, иш үч киши менен башталган. Учурда бул ишканада 15 адам иштеп жатат. Жабдыктар Кореядан жана Россиядан алынып келинип, таттуу азыктардын 35 түрү европалык жана мурдагы советтик технология менен жасалат.


[оңдоо] Унаа

Нарын шаарынын негизги унаа каражаты - авто. Шаарда автобус, троллейбуз жана таксилер жүрүп турат.

Шаардын чыгышында 5 чакырымдай алыстыкта Нарын аба майданы жайгашкан.

[оңдоо] Маданият

Шаарда Нарын мамлекеттик университети, башка да бир катар окуу жайлар, мектептер жайгашкан.


Нарын облустук музыкалык драма театры өлкөдөгү даңазалуу театр чордондорунун бири.

[оңдоо] Нарын шаарында таалим алган даңазалуу кишилер

Нарын шаарында мурдагы президент Аскар Акаев, эл акыны Эсенгул Ибраев, академик Үсөн Асанов, ж.б. таалим алышкан.


[оңдоо] Боордош (шерик) шаарлар жана аймактар

[оңдоо] Кыскача адабият тизмеси

  • Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, илл. - ISBN 9967-14-046-1.
  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. – (Мында: 357-бетте). - ISBN 9967-14-016-X.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 388-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – Б. 139. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү].
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.

[оңдоо] Интернеттеги шилтемелер



Cite error: <ref> tags exist, but no <references/> tag was found

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде