Нарын шаары №7 орто мектеби

Википедия дан

Нарын шаарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектеби 2010-2011-окуу жылынын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты мектеби” номинациясына ээ болду.

Техникалык жабдуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектеп акыркы үлгүдөгү жаңы технологиялар менен жабдылган. “IREX”(Айрекс) программасы аркылуу акысыз интернетке туташууга мүмкүнчүлүгү түзүлгөн, мугалимдер жана окуучулар компьютер жана интернетти кенен пайдаланушууда. Окуучулар он-лайн долбоор алкагында АКШнын окуучулары менен иштешүүдө. Анара Омурбекова окуучуларга жана мугалимдерге үзгүлтүксүз тренингдерди өтүп турат.

Окутуучулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепте 105 мугалим эмгектенет, анын ичинен 55 “Эл агартуунун отличниги”.

2010-жылы шаардык “Жыл мугалими” кароо сынагында физика мугалими Венера Алыбаева 1-орунга ээ болду. Ошону менен бирге облустук денгээлде өткөрүлгөн “Жыл мугалими” кароо сынагында гран-приге ээ болуп, республикалык денгээлдеги кароо сынакка жолдомо алды. Шаардык денгээлде өткөрүлгөн “Жаш мугалим” кароо сынагында чет тил мугалими Альбина Бактыгулова татыктуу болду.

Окуучулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011/2012 окуу жылынын башталышында мектепте 1250 окуучу билим алышууда. Алардын 527 отличник, 388 ударник.

FLEX программасы сынагынын жыйынтыгы менен Ырыс Абдиева (10-б класс), Айзахан Тазабек кызы (10-б класс), Бермет Жаныбекова (10-б класс) АКШга жолдомо алышты.

Шаардык денгээлде өткөрүлгөн олимпиаданын негизинде 1-орунга он окуучу чыгып, анын ичинен облустук олимпиадага алты окуучу катышып, төрт окуучу 1-орунга, эки окуучу 3-орунга ээ болушту. 6-класстар боюнча математика сабагынан өткөрүлгөн олимпиадада 1-орунга Аманатов Атай ээ болуп, республикалык олимпиадага барып 27 окуучунун ичинен алдынкы орунга ээ болду.

Окуучулар билим алуу менен чектелип калбастан, спорт боюнча республикалык жана эл аралык деңгээлде алдыңкы орундарга ээ болушту. Алсак, Темирбек уулу Нуртай 9-в класстын окуучусу Россиянын Омск шаарында өткөрүлгөн Эл аралык мелдеште таэквандо боюнча 2-орунду ээлеп, күмүш медалга татыктуу болду. Ошондой эле “Эрежесиз күрөш” боюнча таймашта Кыдырбек уулу Урмат, Жолдошбек кызы Бейкут республикалык деңгээлде 1-орунду алып, алтын медалга татыктуу болушту. Темирбек уулу Нурбек, Тилек уулу Капар, Муратбек кызы Акмарал 3-орунду ээлешип, коло медалдын ээси болушту.

Республикалык денгээлде өткөрүлгөн “Жол кыймылынын жаш инспектору” кароо сынагында 6-класстардан окуучуларынан түзүлгөн курамы 1-орунду камсыз кылышты.