Натрий сульфаты

Википедия дан

Натрий сульфаты, Na2SO4 – түссүз кристалл. Жаратылышта тенардит түрүндө кездешет, тыгызд. 2,69 г/см3, балкып эрүү t 884оС,  DН0298 = 330,9 ккал/моль. Суудагы эригичтиги 16,3 %: (20оС); мирабилит түрүндө (глаубер тузу) - Na2SO4 .10Н2О пайда болуу жылуулугу DН0298 = - 1033 ккал/моль, республиканын аймагында мирабилит Na2SO4 .10Н2О кени кездешет. Суудагы эритмесинен 32,38оС төмөнкү температурада Na2SO4 .10Н2О, ал эми андан жогорку температурада Na2SO4 кристаллдашат. Каныккан эритмесинен 12оС чейинки температурада туруксуз Na2SO4 .7Н2О болоору да белгилүү. Ар кандай туздар

( Li2SO4, K2SO4, Na2CO3) менен катуу эритмелерди жана кош туздарды пайда кылат. Алардын айрымдары жаратылышта кездешет. Туздуу көлдөр сууларынан чөкмө түрүндө алынат. Экинчи бир алыныш ыкмасы натрий хлориди менен күкүрт кислотасынын өз ара аракеттенишүү реакциясы. Айнек өндүрүүдө, жеңил ө.ж-да, медицинада, ветеринария иштеринде, самын кайнатууда жана тери иштетүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]