Нафталин

Википедия дан
Нафталин.

Нафталин (гр. naphtha — нефть) — мүнөздүү жыты бар, түссүз жалпак кристалл, ароматтык касиетке ээ. Балкып эрүү t 80,3°С, кайноо t 218°С. Бат бууланат. 50°С катуу абалдан бууга өтөт (кургак буулануу), тыгызд. 1,1517 г/см3 (15°С). Сууда начар, көпчүлүк органикалык; эриткичтерде жакшы эрийт. Н. 1, 4, 5, 8 абалдары 2, 3, 6, 7 абалдарына караганда электрофилдик орун алмашуу реакциясына активдүү. Н. галогендөө, нитрлөө, сульфирлөө жана гидрирлөө реакциясына оңой кирет. Окистенүү реакциясы циклдин биринин ачылышы менен жүрөт. Н. таш көмүр чайырынан жана нефтини пиролиздөөдөн алынган продуктудан бөлүнүп алынат. Фталь ангидрид, тетралин, декалин, нафтол, нитронафталин, азобоёкторду өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]