Неврастения

Википедия дан
Неврастения

Неврастения (астениялык невроз) — невроздордун бир түрү.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ага нерв системасынын иши начарлап, чын тийбестик, ачуулуулук, тез чарчоо, алсыздык мүнөздүү. Неврастенияга нерв системасынын өтө чарчашы, психикалык трамва чала уктоо (уйкусу канбоо), көп иштөө, кофе, чай, ичкиликти ашкере ичүү жана башкалар себеп болот. Ошондой эле көп жылы эс албай иштөө жана башкалар неврастенияга алып келет.

Оорунун жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулуу майда-чүйдөгө эле жини келип, коркуп, чочуйт. Киши өзүн өзү кармай албай урушчаак, таарынчаак болуп, айланасындагыларды жактырбай, көңүлү чөгөт. Уйкусу качып, бир аз эле кыбыр-сыбырга ойгонуп, аз уктайт; ыйлаак, коркок болуп, чыр-чатакты көтөрө албайт, кыйынчылыктарга жолукканда өзүн жоготот. Эмгекке жөндөмү төмөндөп, өз ишине кызыкпай, акыл-эси начарлайт. Эс алуудан кийин да күчү калыбына келбейт; башы ооруп, тез чарчайт. Жумушта өзүн карманганы менен үйүнө келгенде жакындарына каарданып, майда-чүйдөгө эле чатак чыгара берет. Эч нерсеге сүйүнбөйт, өтө сезгич келип, телевизорду да көргүсү келбей, катуу сүйлөгөндү, балдарынын кылык-жоруктарын да сүйбөйт. Көп учурда териси кычышат, кийген киймин да жактырбайт. Жакындары менен байланышкысы келбейт, обочолонуп, келечеги жөнүндө санааркайт. Оорулуу жыныстык турмушка да кызыкпайт. Тамакка табити тартпай, ич катыйт же өтөт. Вегетатив нерв ситемасында да өзгөрүүлөр (тердөө, кызаруу, бозоруу, жүрөктүн тез кагышы жана башкалар) байкалат. Эгер оорулуу өз убагында дарыланбаса жогоруда айтылган белгилер күчөйт.

Астениялык абалдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Неврастенияны өтө чарчоодон айырмалоо керек. Ал болсо бир аз эс алгандан кийин тарап кетет. Неврастенияга астениялык абалдар окшош келет. Алар ууланууда, жугуштуу ооруларда, травмада, гипертония оорусунда, атеросклероздо пайда болуп, бир аз эле эмоциялык же кара күч келсе жүрөк тез кагып, алы кетип, тердеп, башы айланат жана башка мындай кишилер жакшы эле эмгектенет, бирок кошумча күч келсе көтөрө албай, астениялык симптомдор байкалат.

Чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Неврастения менен астениялык абалдардын башталышында эмгек менен эс алуу режимин туура түзүү, спортко катышуу, суу процедураларын кабыл алуу, өз убагында витаминдерге бай тамак менен жакшы тамактануу, үй-бүлөдө жана кызматта жакшы шарт түзүү тез эле эмгекке жарамдуулукка алып келет. Оору күчөгөндө бул чаралар жетишсиз. Ал үчүн көпкө созулган дарылоо жүргүзүлөт жана анын натыйжасы үйдөгү шарттарга, жакындарынын оорулууга туура мамиле кылганына жараша болот. Режимди туура колдонуп, өз убагында уктоо маанилүү. Неврастения менен жабыркагандар дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайт, аны гипноз, психотерапия жана сеп алдыруучу дарылар менен дарылайт. неврастенияны алдын алууда эмгек менен эс алууну айкалыштыруу зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8