Необихевиоризм

Википедия дан

Необихевиоризм (грек. neos – жаңы, англ. behaviour, bihevior – жүрүм-турум) – 20-кылымдын биринчи жарымындагы америкалык психологиянын негизги багыты.

Необихевиоризм салттуу бихевиоризм байкалган стимулдар менен реакциялар аркылуу эле, аларга кээ бир борбордук, (жөнгө салуу) механизмдердин анализсиз сүрөттөөгө чабалдык кылгандан келип 20-кылымдын 30-ж. колдонулган. (К. Халла менен Э. Голмендин иштерине таандык). Бихевиористтик «стимул жана реакция» схемасында Необихевиоризм арадагы тизмекти – таанып билүүчү жана дүүлүктүрүүчү факторлордун жыйындысы иретиндеги арадагы өзгөрүлмөнү киргизди. Необихевиоризм калган жагынан бихевиоризмдин классикалык жалпы принциптерин: адам психикасынын биологиялаштыруу, позитивизм багытын тутунуу ж. б. тенденцияларын туура көрөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]