Неолит

Wikipedia дан

НЕОЛИТ, жаңы таш доору – таш доорунун аягы; б.з.ч. 6-миң жылдыктын аягынан башталып, түрдүү аймактарда ар кандай мезгилде аяктаган. Неолит ташты иштетүүнүн жаңы ыкмалары (жылмалоо, бургулоо, тешүү), эмгек куралдарынын жаңы түрлөрү (балта, көзөөч, кетмен, жаргылчак, орок), чоподон жасалган идиштин, токуучулуктун, унаанын, ыйгаруучу чарбадан өндүрүүчү чарбага өтүүсү (аңчылыктан, жыйноочулуктан мал чарбалыкка жана жер иштетүүгө) менен мүнөздөлөт. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгынын пайда болушун окумуштуулар адамзат коомундагы чоң төңкөрүш катары карап «неолит революциясы» деп аташкан. Бул мезгилде аңчылар-дан, жыйноочулардан жана балык уулоочулардан алгачкы коомдун мал багуучулары, жер иштетүүчүлөрү бөлүнүп чыгат. Эмгектин жаңы бөлүнүшү байыркы элдердин ортосунда үзгүлтүксүз товар алмашууга шарт түзөт. Неолит доорунда социалдык жана экон. жактан энелик укукка негизделген уруулар калыптанат. Бир уруу кыйла өнүгүп алдыга озсо, кээ бирлери үчүн өнүгүү өтө узак мезгилди талап кылат. Археол. маалыматтарга таянып, Неолит доорундагы урууларга мүнөздүү эмгек, согуш куралдары, кооздуктары, карапа идишке түшүрүлгөн оюулары, турак-жайлары, каада-салттары, диний ишенимдери болгондугун далилдөөгө болот. Орто Азиядагы неолит дооруна тиешелүү эстеликтерге Жейтун, Жебель, Келтеминар, Гиссар археологиялык маданияттары кирет. Кыргызстанда неолит дооруна таандык, обишир жана гиссар маданияттарына кирген Обишир, Ташкөмүр, Акчуңкур үңкүрлөрү, Терек, Кочкоракжол, Үччат өңдүү археологиялык эстеликтер ачылган.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.