Неомарксизм

Википедия дан

Неомарксизм 20-кылымдын 30–70-ж. марксизмди майда буржуазиячыл революциячыл позицияда туруп текшеричүү (орус. Ревизия), бир тектүү эмес, карама-каршылыктуу агым. Ага марксизм менен жаңы гегелчиликтин, ницщечиликтин ж. б. турмуштун философиясынын варианттарынын (көпчүлүгү Франкфурт мектебинин өкүлдөрү) элементтеринин, «солчул» экзистенциализмдин (Сартр), либерал-гуманисттик чечмелөө иретинде (Фромм) сыяктуу неофрейдизм менен ошондой эле анархо-радикалдык духтагы социалдык саясий революция менен тоталдык «сексуалдык-маданий» революциянын айкашуусунун (Г. Маркузе, В. Райх), структурализмдин (Л. Гольдман), философиялык герменевтиканын (Хабермас) ж. б. аралашмасы мүнөздүү. АКШ менен Улуу Британияда 60-ж. неомарксизм официалдуу социологияга ( Ч. Р. Милле, Н. Бирнбаум, А. Гоулднер ж. б.) каршы турган, сынчыл өзгөчө социологиялык тенденция иретинде чыкты.

Неомарксизм адатта «философиялык антрополог» жаш К. Маркс менен жетилген Марксты, «Капиталдын» авторун карама-каршы коюп, анын илимий билимге «романтикалуу эмес» багытын сындашат. Неомарксизмдин философиялык оолактоо жана затташтыруу (материалдаштыруу) категориясына ашкере кумарлангандар апокалиптикалык бүткүл жалпылык деп билишет.

Неомарксизм теоретиктери марксисттик диалектиканын барыга таандыктыгын танышат, анын маанисин коомго гана ыйгарышат. Вульгардык социологизмге жакындардын позициясынан жалпы методологиялык категориялар жана логика алсызданып (орус. редуцируются), тарыхый жана социалдык-экономикалык кубулуштар менен кызыкчылыктар таптык шартташкан бүткүл азыркы илим эксплуатациянын эң кылдат куралы, үстөмдүк кылуучу таптын колунда адамды басуунун эң терең булагы катары бааланат. Франфуркт мектебинин неомарксизм концепциясына ылайык илимдин рационалдулугун аспаптай ашкере колдонулушунун натыйжасы, баарына алы жеткен адамдын табиятка, социалдык, маданий чөйрөсүнө үстөмдүгүн жүргүзүүсүнүн таламы ушундай. Натыйжада илимий аң-сезимдин алгачкы боштондукка чыгаргыч күчү баарынан өтө алган идеологияга адамдын адамга үстөмдүк жүргүзүү идеологиясына алып келди.

Адата неомарксизм, марксизмди сциентисттик-позитивисттик ревизионизми үчүн айыптайт. Неомарксизм марксисттик коомдук илимдерди практикалык революциячыл багытын билимдердин мазмунун таптык кызыкчылыгынан көз карандысыздыгын, бүткүл объективдүүлүктү танууга жөндөмдүү деп бурмалашат. Либералдык позитивисттик объективизмге жана неокантианчыл «баалуулуктан эркин болууга» неомарксизм волюнтаристтик «активизмди» – социалдык объектини таанып билбей, бирок социалдык өзгөртүүнүн каршы коет. Социалдык философиядагы ашкере тарыхый релятивизм жана субъективизм неомарксизмди мыйзам ченемдүү түрдө волюнтаристтик жана утопиялык саясий корутундуларга жеткирет.

Неомарксизм «соңку капитализмдеги» жана «мамлекеттик социализмдеги» бардык жерде адамды басмырлаган жатыркоолордун, ар кандай жалган жана оомал-төкмөлүү аң-сезимдин бетин ачуучу универсалдуу сынчыл «аң-сезимдин» ролуна умтулат. Иш жүзүндө өз ичинен бөлүнүп-жарынган менен да реалдуу социализмге маданий нигилизмдин, саясий экстремизмдин жана анархизмдин (ошону менен «жаңы солчулдардын» кыймылындагы) каршы чыгуусунун теориялык негиздөөсү болгон. Неомарксизмдин саясий идеологиясы социалисттик өлкөлөрдүн жана жумушчу табынын революциячыл ролунун туура эместигин чагылдырган.

Неомакрсизм саясий күрөштө жана жаңы шартта коомду өзгөртүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчү деп «сынчыл интеллигенцияны» козголоңчул жаштарды, студенттерди, «үчүнчү дүйнөдө» болсо боштондук күрөшүн эсептейт. Неомарксизм дегенде чет элдик адабияттарда марксисттик фразаларды колдонгон бардык философиялык агымдарды түшүнүшөт.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]