Неоэволюционизм

Wikipedia дан

Неоэволюционизм – 19-кылымдагы Г. Спенсер, Э. Б. Тайлор ж. б. изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде иштелип чыккан эволюционизм идеяларын учурдагы софиологиянын, культурологиянын, социалдык антропологиянын чегинде кайрадан карап чыгуунун бир нече варианттарын белгилеген термин.

Неоэволюционизм агымдарынын ичинен эволюциялуу «маданий материализм» (Л. Уайт, Л. Бинфорд, Г. Чайлд, Дж. Стюарт, М. Харрис ж. б. америкалык культурантропологдор жана археологдор) жана эволюциялык функционализм (Т. Парсонс, Р. Белла, Н. Смелсер ж. б.) багыттары белгилүү. Эволюциялык функционализмдин өкүлдөрү маданияттын техникалык-экономикалык базасынын тарыхына өзгөчө көңүл бурган жана эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн татаалданышынын негизинде структуралык дифференциациага учураган, Г. Спенсер менен Э. Дюркгеймдин универсалдуу моделин андан ары өнүктүрүшкөн. 19-кылымдагы эволюционизмден айырмаланып, Неоэволюционизм маданияттагы локалдуу өзгөрүүлөрдүн принцибин киргизген. Жалпы эле адам маданиятынын өнүгүшүндөгү локалдуу өзгөрүүлөр процессин жана тенденцияларын айырмалоо менен маданий-антропологиялык Неоэволюционизм «өзгөчөлүү» жана «жалпы» эволюция түшүнүктөрүн киргизген.

Адам маданиятынын пайда болушун жана анын өнүгүшүн түшүндүрүү үчүн Неоэволюционизмдин өкүлдөрү атайы илимдердин соңку жетишкендиктерин, о. эле приматтарды ж. б. окуп-үйрөнүүдө колдонулуучу салыштырма этология, классификация жана салыштыруу сыяктуу эмпирикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын пайдаланат.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8