Нерв талчалары

Википедия дан
Нерв талчалар. А - миелин талчасы, Б - безмиелин талчасы. 1 - негизги сызык цилиндри, 2 - миелин катмары, 3 - мезаксон, 4 - нейролеммоцит ядросу (шванндык клеткасы), 5 - Ранвье түйүндөрү.

Нерв талчаларынерв импульсун өткөрүүчү нерв клеткаларынын өсүндүлөрү жана кабыкчалары.

Түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нерв талчаларынын сырткы кабыкчалары (нейролеммо) нейролеммоциттер (шванн) клеткаларынан турат.

Кабыгынын түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нерв талчалары кабыгынын түзүлүшү боюнча миелиндүү жана миелинсиз болуп экиге бөлүнөт. Миелинсиз нерв талчаларынын сыртында леммоциттер бири бирине тыгыз жайгашып, бир катар протоплазмадан турат.
Ал эми миелиндүү нерв талчаларынын сыртындагы кабык калың болот да, анын ички бетинде миелин бар. Миелиндүү талчалардын узуну боюнча туруктуу аралыкта туурасынан кеткен агыш сызык жана ичкерип кеткен жерлери талчаны бөлүктөргө бөлүп турат. Агыш сызык миелин чийиндери деп, ал эми ичкерген жери нерв талчалары нын түйүнү же Ранвье курчоосу деп аталат. Алар леммоциттердин бири-бири менен чектешип турган жерине туура келет. Нерв талчалары нерв учундагы аппараттар (рецепторлор, эффекторлор, синапстар) менен бүтөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8