Несторийчилик

Wikipedia дан

НЕСТОРИЙЧИЛИК – 1. 5-кылымда Византиянын чыгыш провинцияларында пайда болгон христиан чиркөөсүндөгү агым. Константинополдун патриархы Несторий (428–431) негиздеген. Несторийчилик боюнча ыйык Мария уул төрөп, ал (Иисус Христос) адамга мүнөздүү пендечиликтерден кутулуп, кудай уулуна айланган. Христосто адамга жана кудайга тиешелүү касиеттер салыштырмалуу түрдө гана тогошкон, экөө эч качан жуурулушуп кетпейт. 2. Несторийчилик Сирия жана Месопотамия христиандарына берилген ат. Несториан чиркөөлөрү-нүн таасири Персия, Орто Азия жана Батыш Кытайга чейин тарап, ал моңгол жана Тимур чабуулдарынын негизинде кыйроого учураган.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.