Нитриддер

Википедия дан

Нитриддер – азот менен металл жана металл эместердин бирикмеси. Нитриддер түзүлүшү жана касиети боюнча туз сымал (иондуу), коваленттүү жана металл сымал болуп үч топко бөлүнөт. Туз сымал нитриддерге мезгилдик системанын 1 жана 2 тобундагы металлдардын нитриддери кирет. Алар суу менен кошулганда аммиак бөлүп чыгарып, ажырайт. Коваленттүүлөргө металл эместердин жана Al, Ga, In, Te металлдарынын нитриддери кирет. Алар (айрыкча AlN, BN, Si3N4) химиялык таасирлерге абдан туруктуу жана ысыкка чыдамдуу, ошондой эле диэлектрдик же жарым өткөргүч касиетке ээ. Булардын ичинен BN маанилүү. Металл сымал нитриддер өтмө металлдар мененазот же аммиактын түздөн-түз кошулушунан алынып, азот атому металлдын кристаллдык торчосуна жайгашат. Алар металлга окшоп, электрди жана жылуулукту жакшы өткөрөт, жогорку температурада (мисалы, TiN 2200˚C, HfN 3370˚Сде) эрийт, катуулугу, морттуулугу менен металлдардан айырмаланат жана химиялык жактан өтө туруктуу келет. Металл буюмдардын катуулугун, коррозияга туруктуулугун жана башка касиетин жогорулатуу үчүн металлдын бетине азот же аммиакты (500–900˚С) таасир этип, нитриддерди пайда кылат. Нитриддер газ түтүктөрүн жасоодо, энергетикада, космос жана жогорку температуралык техникада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]