Ниццадагы террордук чабуул

Википедия дан
Франциянын Ницца шаарындагы террордук чабуул
Террордук чабуул болгон жер
Чабуул болгон жер

 Франция, Ницца
43°41′37″ с. ш. 7°15′20″ в. д.HGЯO

Датасы

14 июль 2016 жыл
22:30 чамасында (UTC+2)

Куралдары

Renault Midlum 300 жүк ташуучу унаасы

Каза болгондор

84

Жаракат алгандар

+60

Террорчулар

Мохамед Лауэеж Булель

Шектүүлөр

 Ислам мамлекети [1]

Ниццадагы террордук чабуул - Франциянын Ницца шаарында 2016 жылдын 14-июлунда теракт катталып, 84 адам каза тапкан. Окуядан жаракат алгандардын саны 120дан ашат.алардын ичинен 10 жаш бала да болгон.Франциялыктар "Бастилиянын алынган күнү" улуттук майрамын белгилеп жатышкан маалда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу унааны эл топтолуп турган жерди көздөй айдаган.

Айдоочу полиция кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Бул терактты Ислам мамлекети жоопкерчиликти мойнуна алган.

Окуянын жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуя эл Бастилиянын алынган күнү улуттук майрамын белгилеп жаткан учурда орун алган. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу унааны эл топтолуп турган жайга айдап, бир тобун тебелеп кете берген. Айдоочу полиция кызматкерлери тарабынан атылып өлгөндө гана унаа токтотулган.

Аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Франция бийлиги бул окуяга террорчуларды айыптады. Шаар бийлиги жергиликтүү тургундарды сыртка чыкпай турууга чакырды.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ниццадагы террордук актыны «Ислам мамлекети» жоопкерчиликти алган (орус.). Белгисиз (15 -июль (теке) 2016). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2016.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]