Ниши

Википедия дан
Нёкум майрамын майрамдоо учуру.

Ниши (ошондой эле: бангни, дафла) — Индиянын түндүк-чыгышындагы эл. Аруначал-Прадеш штатынын Папум-Паре, Чыгыш Каменг жана Ылдыйкы Субансири, ошондой эле Ассам штатынын Дарранг аймактарында жашашат. Ethnologue билдирүүлөрүнө караганда этностун саны болжол менен 261 миң адам[1]. Ниши тили тибет-бирман тилдерине кирет. Эң жакын тилдер болуп апатани жана ади эсептелинет. Улуттун билимдүүлүгү болжол менен 40%.

Нишилер арасында полигамия күч алган, башка этностор менен үй-бүлө куруу болбойт. Экономикасы негизинен жер иштетүү, алардын ичинте: күрүч жана буудай себүү. Ал эми диний көз караштары жаратылыштын кубулуштарына ишенүү болуп саналат. Учурда көпчүлүгү христиан динине өтүп кетишкен.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Элдер-stub