Ниязбек бий, Эсенгул уулу

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ниязбек Эсенкул уулу ( болжол менен 1760-1843-жж. )- сарыбагыш уруусунун ири манабы. Атасы Эсенкул баатыр түндүк кыргыздардын саясий турмушунда чон таасирдүү инсан болгон. Ниязбек бүткүл сарыбагыш уруусунун бийлеп, өтө бай жана данктуу манап катары атагы чыккан. Анын он уулу болуп, байбичесин 8 уулу "Ниязбектен сегиз бек" деген атак алышып, бардыгы эл башкарышкан. Алардын ичинен бир уулу Ормон кыргызга хан көтөрүлгөн. Фольклордук маалымат боюнча Ниязбек 1843-жылы өлүп, сөөгү Чоң-Кеминге коюлган. Анын күмбөзү "Ниязбек коргон" деген ат менен белгилүү. Ниязбек жөнүндө "Ниязбектин көп жылкы" деген сыяктуу элдик күүлөр, ырлар жана көптөгөн аңыз сөздөр айтылып, "Ниязбектин эли", "Ниязбектин болуштугу" жана башка аталыштар кездешет.

Колдонулган адабияттардын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусу. Энциклопедия.-Б., 1998-ж. 326-б.
Омурбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду.-Б., 2003-ж.
Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-2 китеп.-Б.. 1993-ж.