Новосибирск

Википедия дан
Новосибирск.

Новосибирск (1903–26-жылы Новониколаевск) – Россиядагы шаар (1903-жылдан). Новосибирск облусунун административдик жана Сибирь федерация округунун борбору. Обь дарыясындагы орточо Калкы 1,4 миллион(2010). Темир жол түйүнү. Метрополитен иштейт (1985; РФте жүргүнчү ташуу боюнча 3-орунда). Машина куруу (заводдору: ЭЛСИБ, «Станкосиб», «Сибсельмаш» жана башка), кара жанатүстүү металлургия («Новосибирск химконцентрат заводу»), химиялык жана химиялык-фармацевтика, жеңил, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, ГЭС иштейт. Россия ИАнын Сибирь бөлүмү, Академиктер шаарчасы (25ге жакын ИИИ), «Вектор» вирусология жана биотехнология мамлекеттик илимий борбору (Кольцоводо), конструктор-технология жана долбоорлоо институттары, 13 ЖОЖ (анын ичинен 2 университет, консерватория), 6 театр (анын ичинен опера жана балет, «Глобус» жаштар, «Красный факел» жана башка), филармония, сүрөт галереясы, музей (край таануу, геологиялык, зоологиялык, Сибирь элинин тарыхы жана мадабияты), китепканалар (анын ичинен азиздер үчүн атайын) жана башка бар. 1893-жылы курулушчулар посёлкасы катары негизделген. 1903-жылдан шаар Новосибирскиге жакын жерде илимий шаар Кольцово жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]