Нуклеин кислоталары

Wikipedia дан

Нуклейин кислоталары( лат. nucleus — ядро) — бардык тирүү жаныбарлардын организминде кеңири тараган, тукум куума информацияны сактоо, аны ишке ашырууга жана укумдан-тукумга өткөрүүгө жооптуу, эң активдүү биополимерлер.

Нуклеин кислоталарынын организмде[оңдоо]

Нуклеин кислоталарынын организмде ар бир клетканын ядросунда бар экендигин жана составына фосфор кирерин 1-жолу швейцариялык илимпоз Ф. Мишер 1886-ж. ачкан. Кийинчерээк Нуклейин кислоталары жалаң эле клетканын ядросунда эмес цитоплазмада, хлоропластта, митохондрияда да бар экендиги аныкталган. Анын молекуласы узун полимерлүү, молекулалык массасы абдан чоң чынжырча. Анын чынжыры бири биринин артынан ырааттуулук менен келген нуклеотиддерден түзүлгөн.

Нуклеин кислоталарынын түзүлүшү[оңдоо]

Алардын түзүлүшү татаал, бири-бири менен байланышкан азот негизги, беш көмүртектүү кант жана фосфор кислотасынын калдыгынан турат. Нуклеотиддер нуклеин кислоталарынын молекуласында белгилүү ырааттуулукта орун алган, ошондуктан алар бири биринен айырмаланып турат. Нуклеин кислоталарынын чынжырындагы нуклеотиддердин жайгашышынын ырааттуулугу ошол гана кислотага таандык жана ал клеткада тукум куума информация катталат. Ырааттуу жайгашкан ар үч нуклеотид кандайдыр бир аминокислотаны чечмелейт.

Химиялык түзүлүшү[оңдоо]

Нуклеин кислоталарынын химиялык түзүлүшү аныкталып, алардын эки түрү (ДНК жана РНК) белгилүү болгон (к. Дезоксирибонуклеин кислотасы, Рибонуклеин кислотасы). 1953-ж. Ж. Уотсон менен Ф. Крик ДНКнын чынжыры кош кабат спиралдан турганын ачып, Нуклеин кислоталарынын биологиялык маанисин түшүндүргөн. Физиологиялык шартта ДНКнын кош кабат спиралдары 6 формасындагы спиралдарга окшош, ал формада негиздер биринин астына экинчиси төшөлүп орун алган. РНКнын молекуласы ДНКныкына караганда бир гана чынжырдан турат, алар кээ бир бөлүктөрүндө өзүнөн өзү буралып, оролуп кош спиралдуу чынжырчаларга айланат.

ДНК менен РНК өзгөчөлүктөрү[оңдоо]

ДНК менен РНК бири биринен химиялык, физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрү жана клеткадан орун алгандыгы менен айырмаланат.

ДНКда азот негиздеринин 4 түрү бар
Аденин (А)
Гуанин (Г)
Цитозин (Ц)
Тимин (Т)
РНКнын составына тиминдин ордуна урацил кирет. Ошондой эле ДНКнын нуклеотиддеринин составына дезоксирибоза, РНКда рибоза болот.

Организмде биологиялык мааниси[оңдоо]

Нуклеин кислоталарынын организмде биологиялык мааниси эң чоң жана алар белоктордун функциясы менен тыгыз байланыштуу.

Нуклеин кислоталарынын негизги мааниси[оңдоо]

Нуклеин кислоталарынын негизги мааниси — тукум куума информацияны сактоо, берүү жана белокторду синтездөө (к. Ген, Хромосомалар). Гендер туруктуу болгондуктан ата-эненин жышаналары укумдан-тукумга өзгөрүлбөй берилет. Айлана-чөйрөнүн таасиринен кээде гендер өзгөрүп кетет (к. Мутация).

Белокторун синтездөөдө чоң роль ойнойт[оңдоо]

Нуклеин кислоталарынын клетканын белокторун синтездөөдө чоң роль ойнойт. Белоктордун составындагы аминокислоталардын тар типтүү орун алышы ДНКнын молекуласында сакталат. Жаңы белокторду синтездөөдө кээ бир Нуклеин кислоталары белоктордун молекуласынын түзүлүшү жөнүндөгү информацияны клеткаларга берет. Нуклеин кислоталары организмге тамак-аш продуктулары аркылуу кирет жана организмде аз болсо, өзүнчө синтезделүүгө жөндөмдүү. Булардын организмде өзүнүн майда бөлүкчөлөрүнө бөлүнүшү негизинен клетканын митохондриясындагы ферменттердин (нуклеазалардын) тийгизген таасири аркылуу жүрөт.

Нуклеин кислоталарынын алмашуусу бузулганда[оңдоо]

Нуклеин кислоталарынын алмашуусу бузулганда организм ар кандай ооруга чалдыгат. Мисалы, подаграда Нуклеин кислоталарынын ажыроосу бузулганда сийдик кислотасынын туздары ткандарга (муунга) чогулат. Нуклеин кислоталарынын ажыроосу күчөгөндө аз кандуулук, лейкопения, тукум куума ооруларга алып келет. Анын препараттары кан пайда болуу бузулганда (абдан оор түрүндө) жардам берет, себеби Нуклеин кислоталарынын кемикте кан пайда болууну күчөтөт, фосфор алмашууну жөнгө салат.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8