Нумизматика

Wikipedia дан

Нумизматика (от лат. nomisma, б.-грек. νόμισμα — тыйын) – тыйын жана акча-товар мамилелерин үйрөтүүчү тарых илиминин көмөкчү бөлүгү.

Тарыхы[оңдоо]

Алгачкы баскычы тыйын чогултуудан башталган. Орто кылымдарда Европанын шаарларында антикалык (байыркы римдик, гректик) тыйындардын менчик коллекциялары пайда болгон. Тыйын чогултуу, эски тыйындардын жоголуп турушу тыйын тарыхын окуп-үйрөнүүгө түрткү болгон. Коллекция ээлери окумуштуулардын жардамы менен тыйындарды сүрөттөп, каталог түзүп изилдешкен. Чоң коллекцияларды сактай турган «мюнцкабинеттер» пайда болгон. Кийинки баскычта тыйындардын илимий классификациясы жана нумизматикалык материалдардын алгачкы изилдөөлөрү калыптанган.

Нумизматика илим катары[оңдоо]

Кагаз акчалары (биотистика), медалдарды, ордендерди, жетондорду, значокторду (фолеристика) изилдөө да нумизматикага кирет. Нумизматика тарых илиминин көмөкчү бөлүгү катары тарых, археология, саясий экономика, искусство жана тил проблемаларын чечүүдө маанилүү маалыматтарды берет. Товар-акча мамилелерин окуп-үйрөнүүдө нумизматика өз алдынча илим катары каралат. Нумизматиканын негизги милдети – акча системасын жана анын тарыхый доорлордогу өнүгүү процессин талдоо, ошондой эле бул жагынан алганда, нумизматика өлчөө-чендер жана таразалар жөнүндөгү метрология илими менен айкалышып кетет. Нумизматиканын негизги изилдөө методдорунун бири – тыйын салыктарынын (казыналарынын) жана өз алдынча табылган тыйындардын топографиясын түзүү. Натыйжада, байыркы соода жолдору, мамлекеттердин тыйын чыгаруу техникасы, өзгөчөлүктөрү, чыгарган жерлери, хронологиясы аныкталат. Археологиялык табылгалардын жашын аныктоодо нумизматикалык табылгалардын мааниси зор.
Нумизматика илиминде атайын кабыл алынган терминдер да колдонулат. Мисалы;

  1. аверс – тыйындын бет маңдай жагы (адатта тыйынды чыгарган мамлекеттин герби же мамлекет башчысынын портрети түшүрүлөт);
  2. реверс – тыйындын арткы бети;
  3. гурт – тыйындын кыры (жылмакай, сүрөт же жазуу түшүрүлүп, жасалма тыйын чыгарууну татаалдантат);
  4. монета талаасы – тыйындын эки жак бети;
  5. легенда – тыйындагы жазуу;
  6. номинал – тыйындын белгиленген баасы;
  7. лигатура – күмүш, алтын, платина тыйындардагы баалуу эмес металлдын кошулмасы; #монеталык киреше – тыйындын номиналы менен тыйынды даярдоого кеткен баанын ортосундагы айырмачылык. Тыйын даярдалган металлдын баасы кошо эсептелет.

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.