Нургазиева, Калия

Википедия дан

Нургазиева Калия (1917, Балыкчы ш. — 1995, Кочкор району, Кочкор айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (1984).
1937-жылдан Ат-Башы районунда мугалим, 1942—44-ж. Ат-Башы райондук статистика бөлүмүндө кызматкер, 1944— 45-ж. облстаттын башкармасынын орун басары, 1945—47-ж. Кочкор райондук статбашкармасынын жетекчиси, 1947— 52-ж. Кочкор райондук Аялдар кеңешинин төрайымы, 1952—86-ж. Кочкор райондук мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы. СССР финансы кызматынын отличниги (1957). Орден, медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.