Нурушев Эсенбай

Википедия дан
Нурушев, Эсенбай‎»‎ барагынан багытталды)

Нурушев, Эсенбай (08.11.1950) – Кыргызстандагы таанымал журналист жана публицист, айтматов таануучу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эсенбай Нуруш уулу 1950-жылы 8-ноябрда Кыргызстандын Ош облусунун Ленин районундагы (азыркы Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы) Ноокен айылында туулган. [1]

Орто мектепти бүткөн соң Ленин (Ноокен) райондук “Ленинчил” гезитинде кабарчы жана бөлүм башчы болуп иштеген.

1969-1971-жылдары СССРдин атомдук изилдөөлөр тымызын жүргүзүлгөн Арзамас жабык шаарында Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1979-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган (аталган факультеттин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болгон).

1978-жылы жаштардын “Ленинчил жаш” гезитинде адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Андан соң “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз туусу”) гезитинде 1979-жылдан тартып бөлүм башчы болуп иштей баштаган.

Узак жылдар бою Бишкек шаарында (1984-1991) “Советтик Кыргызстан” гезитинин редакторунун орун басары болуп иштеген.

Кийинчерээк (1991-1994) Кыргызстан Жогорку Кеңешинин басма сөз, котормо жана коомдук байланыш бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалаган.

Жаңы ачылган “Дасмия” эркин гезитинин баш редактору (1994-1995) да болуп иштеди.

1995-жылдын биринчи жарымында “Азаттык үналгысынын” Бишкек бюросунун жетекчиси болгон.
1995-жылдын июнь айынан тартып 2011-жылдын январ айынын акырына чейин “Азаттыктын” Прагадагы баш кеңсесинде кызматкер болуп иштеп келди.

Учурда эркин журналист жана публицист катары Бишкек шаарында жашайт.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жана орус тилдериндеги бир нече жүздөгөн публицистикалык макалалардын автору.

Анын чыгармачылыгынын диапозону ар тараптуу жана терең. Дүйнөлүк саясат, Кыргызстандын тарыхы жана саясаты, фольклор таануу, манас таануу, инсан таануу, терминология, философия маселелери, журналистиканын жана котормочулуктун заманбап көйгөйлөрү, ж.б. тууралуу макалалар жарыялаган.

  • Нурушев Э. Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос. -- Бишкек, 2018.

Жарыяланган котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Маомао. Менин атам Дэн Сяопин “маданий ыңкылап” жылдарында / Которгондор Абибилла Пазылов, Тынчтыкбек Чоротегин, Эсенбай Нурушев. – Бишкек, 2015 – 592 б., сүрөт. – “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ. – “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгү. - ISBN - 978-9967-27-745-8. – (Маомао. Мой отец Дэн Сяопин в годы "культурной революции").

Айрым орус тилиндеги көркөм жана публицистикалык чыгармаларды (анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун элүүгө жакын макаласын) кыргыз тилине которгон.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы - Турдукан. Бир уулу (Абдулла), эки кызы (Асел, Айсана), неберелери бар.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Караңыз: http://www.azattyk.org/a/Blog_Azattyk_Esenbay_Nurushev_60th_anniversary/2213488.html