Ньяя

Wikipedia дан

Ньяя (санскритчеден сөзмө сөз “эреже”, “ой толгоо”, “маңызга сүңгүп кирүү”, “аналитикалык изилдөө”, “логика”) – Индус философиясындагы ортон алты системанын бири.

Акшапада Гаутама (же Готама) аттуу ойчул тарабынан түзүлгөн индиялык философиянын классикалык мектептеринин бири. Бул мектептин окуусу көп жагынан вайшешика системасына окшош. Бул окуу Ведаларды четке какпайт, бирок, өз ой толгоолорун өз алдынча негизде түзгөн. Ньяя кудайдын бар экендигине күмөн санабайт. Кудай бүткүл жандыктарга жыргалчылык тартулоо үчүн дүйнөнү жараткан.

Готаманын ою боюнча, кудай дүйнөнү жок нерседен эмес, түбөлүк жашаган атомдордон, мейкиндиктен жана убакыттан, эфирден, акыл-эстен жана жандан курган. Демек, кудай аталган элементтерди ирээтке келтирүү менен дүйнөнү жаратып, демиургдун ролун аткарат.

Бул дүйнөдө адам өз жүрүм-турумуна ылайык бактылуу боло алат же азаптарды тартат. Готама кудайдын болмушунун бир катар далилдерин сунуш кылган.

1. Дүйнөдөгү баардык нерселер менен кубулуштар себептен жаралышкан, дүйнөнүн себеби болуп кудай эсептелет.

2. Кудай адриштаны (пешенеге жазылган тагдырды) жөнгө салып турат. Даанышмандык менен өмүр сүрүү ишенимдүү, бейкапар жана бакыбат жашоого көмөк берсе, күнөөгө батуу менен адам келечектен күмөн санап, сар-санаага, ойго чөмүлөт.

Демек, кудай күнөөлүүнү бактысыз кылып жазалайт, күнөөсүздү бакытка чөмүлтүп, сыйлайт. Ньяя мектеби формалдуу логиканын мыйзамдарына таянган таанып-билүү теориясын өнүктүргөн.

Бул теория боюнча сезип-туюу, кабыл алуу сыяктуу таанып-билүүнүн эмпирикалык формалары менен күбөөлөө, салыштыруу, далилдө сыяктуу рационалдуу таанып-билүү тең укуктуу деп жарыяланат.

Ньяя мектебинин өкүлдөрү аваявамалар (мүчөлөр) деп аталган беш ой толгоодон турган силлогизмди иштеп чыгышкан:

1. Радха өлөт (пратиджня);

2. Анткени, ал адам (хету);

3. Бардык адамдар өлүшөт, мисалы, Суреш, Раджив, Омар (удахарана);

4. Радха дагы адам (упаная);

5. Демек, ал өлөт (нигамана).

Биринчи ой толгоо бир нерсени ырастайт; экинчиси бул ырастоонун негизделишин көрсөтөт; үчүнчүсү белгилүү мисалдар менен ырастоону бекемдеп, анын биринчи жана экинчи ой толгоо менен болгон байланышын көрсөтөт; төртүнчү ой толгоо алынган жалпылыкты берилип жаткан окуяга карата колдонот; бешинчиден мурунку ой толгоолордун негизинде жалпы ой бүтүмү алынат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]