ОПТИК УНИВЕРСАЛ КОД

Википедия дан

(Universal Product Code (UPC)-Универсальный код продукта). Берилиштерди көрсөтүү үчүн оптик коддорунда үлгү же атайын символдор пайдаланылат. Оптик коддорго штрих код кирет, ал вертикал сызыктардан жана түрдүү кеңдиктеги орундардан турат. Штрих коддор демейде буюмдун пакетине басылат же буюмдун этикеткасы менен бирге бириктирилет. Буюмдарды таанууда штрих кодду окуучу түзүлүш жарык нурун колдонот. Штрих коддордун ичинен кеңири таралганы буюмдун универсалдуу коду (UPC) эсептелет. Сатылуучу буюмдарда колдонулуучу UPC штрих код тиешелүү түрдө он разряддуу санга которулат жана ал буюмдун номерин менен буюмду жасагандарды билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]