Образдуулук

Википедия дан

Образдуулукискусствонун аны коомдук аң-сезимдин башка формаларынан айырмалап турган негизги белгиси. Адабиятта жазуучу турмуштук ар кандай көрүнүштөрдү сүрөттөөдө аны сөз аркылуу көз алдыбызга ачык, даана, жандуу түрдө элестетет. Дал ошол образдуулук менен биз кубанабыз, кийебиз, кыялданабыз. Кышкы кечти жөн адам көркөмдөп сүйлөп бере албас эле, аны акын образдуу түрдө минтип сүрөттөйт:


Ай нурунда кышкы түн,

Айран төгүп койгондой.

Жаңырыксыз токой-чер,

Уктап жатат ойгонбой.

Менменсинген карагай,

Пейли кенен чалдардай.

Кар жамынган чегедек,

Ак тон кийген балдардай.

(А. Токомбаев)


Образдуулук– мазмунун кургак сөз менен эч бир айтып берүүгө мүмкүн болбогон нерсени кыска жана элестүү берүү. Ал мазмун жана форма, идея жана тема, сюжет жана композиция, стиль жана образ аркылуу ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]