Окумуштуулар кеңеши

Википедия дан

Окумуштуулар кеңеши – жогорку окуу жайынын ректорунун жана илим-изилдөө мекемелеринин директорунун кеңеш органы. Анын милдети окуу жана илим-изилдөө мекемелеринин маанилүү маселелерин кароо, илимий кызматкерлерди ишке алуу, конкурстарды уюштуруу жана окумуштууларга илимий наамдарды жана даражаларды ыйгаруу иштерин кароо. Окумуштуулар кеңешине окуу жайдын же мекеменин жетекчилери, жетектөөчү окумуштуулар жана коомдук уюмдардын төрагалары киришет. Окумуштуулар кеңешинин чечимдери конкурстарды өткөрүүдө окумуштуулук даражалар жана наамдарды ыйгарууда жашыруун добуш берүү менен чыгарылат, ал директордун (ректордун) бекитүүсү менен чечилбейт. Окумуштуулар кеңеши жогорку окуу жайларынын факультеттеринде да бар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004