Окумуштуулук наам жана даража

Википедия дан

Окумуштуулук наам жана даража – Жогорку даражалуу окумуштууларды жана педагог адистерди аттестациялоонун формасы. Кыргыз Республикасында салттуу окумуштуулук даражалар булар: илимдин кандидаты жана доктору. Ал эми жогорку окуу жайларында – ассистент, доцент жана профессор; илим-изилдөө мекемелеринде – кенже илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, жетектөөчү жана башкы илимий кызматкер сыяктуу окумуштуулук наамдар берилет. Илимий наамдар жогорку окуу жай кызматкерлеринин кызмат абалына жана илимий-педагогикалык ишмердигине жараша аныкталат. Илимий даража коюлган талапка канааттандырарлык жооп берген ар бир адамга ыйгарылышы мүмкүн. Окумуштуулук наам жогорку окуу жайларда жана илим-изилдөө мекемелеринин кызматкерлерине гана ыйгарылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004