Владимир Ольховский

Википедия дан
Ольховский, Владимир Сергеевич‎»‎ барагынан багытталды)
Ольховский Владимир Сергеевич.

Ольховский Владимир Сергеевич (1925, Казакстан, Жамбыл облусу, Жамбыл району, Гродеков айылы —1969, Манас району, Покровка айылы) — Даңк орденинин толук кавалери.

1942-жылдан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 1-Белорусь фронтунун 216-аткычтар полкунун аткычтар бөлүгүнүн командири. Клуч айылындагы салгылашта душмандын 6 солдатын туткунга алганы үчүн 3-даражадагы (3. 02. 1945), Шнайдемюль шаарынын жанында душмандын көп күчүн жок кылганы үчүн 2-даражадагы (11. 03. 1945), Швахов, Ланхенхаген жана Баринг таяныч пункттарын алууда жалгыз өзү 18 фашистти жана кең калибрдүү пулеметту (тейлеген адамдары менен) жок кылганы үчүн 1-даражадагы (31. 5. 1945) Даңк ордендерине татыктуу болгон. Медалдар менен сыйланган.

1945-ж. июлдан Киров (азыркы Кара-Буура) районунун «Талас» колхозунда иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.