Омуртка тутуму

Wikipedia дан
Кишинин омуртка тутуму
Белгилөө
«#» — Моюн омурткалары  (Pars cervicalis)
«#» — Көкүрөк омурткалары  (Pars thoracalis)
«#» — Бел омурткалары  (Pars lumbalis)
«#» — Куймулчак  (Os sacrum)
«#» — Чычаң  (Os coccygis)

Омуртка тутуму — кишинин скелетинин негизги бөлүгү.

Анатомия[оңдоо]

Омурткалар бири-бири менен кемирчек, муун, байламталар аркылуу кошулуп, тутумдашып, омуртка тутумун түзөт. Омуртка тутуму омурткалуу жаныбарлардын жана адамдын денесинин көкүрөк, курсак көңдөйлөрүн жана жамбаш чарасынын негизин түзүп, алардын ичинде жайгашкан ички органдарды жана жүлүндү сактайт. Жүлүн омуртка каналынын ичинде жайгашкан. Омуртка тутуму адамдын башын көтөрүп турат. Ошондуктан жогортон төмөн карай омурткалардын көлөмү чоңоёт. Ал 33—34 айрым омурткалардан туруп,

  • моюн (7),
  • көкүрөк (12),
  • бел (5),
  • куймулчак (5) жана
  • чычаң (4—5) омурткалары болуп бөлүнөт.

Түзүлүшү[оңдоо]

Куймулчак омурткалары бири-бири менен кыймылсыз биригип, жамбаш сөөктөрүнө бекийт да, жамбаш чарасын түзөт. Моюн, көкүрөк, бел жана чычаң омурткалары бири-бири менен кыймылдуу тутумдашат. Омурткаларга бекиген булчуңдар жыйрылып, омуртка тутуму кыймылга келтирет. Омуртка тутумунун узундугу эркектерде 60—75 см, ал эми аялдарда 60—65 см. Улгайган адамдардын омуртка тутумунун узундугу орто эсеп менен 5 смге кыскарат, анткени улгайган сайын омуртка тутумунун иймектери көбүрөөк ийилип, омурткалардын ортосундагы кемирчек жукарат.

Омуртка оорулары[оңдоо]

Омуртка тутумунун алдынан артка, арттан алдыга карай ийилген жерлери бар. Эгерде омуртка тутуму сыртын карай ийилсе — кифоз, ичин карай ийилсе — лордоз, ал эми капталга ийилсе сколиоз деп аталат. Дени соо кишилерде омуртка тутумунун физиологиялык ийилген жерлери, ошондой эле ар кандай оорулардын таасири астында, балдардын столго, партага туура эмес олтурушунан патологиялык ийрейиши мүмкүн (Омуртка тутумунун кыйшайышы). Омуртка тутумунун физиологиялык ийрейишине моюн жана бел лордозу, көкүрөк жана куймулчак кифозу, ошондой эле көкүрөк сколиозу кирет. Физиологиялык лордоз менен кифоз бардык адамдарда кездешет. Көкүрөк кифозу менен бел лордозу эркектерге караганда аялдарда көбүрөөк өөрчүгөн. Омуртка тутумунун ийрилери адам тик турганда жакшы байкалат. Адамдын келбети омуртка тутумунун ар кандай деңгээлде ийилишине жараша болот. Омуртка тутумунун ийрилүүсү киши төрөлгөндөн кийин гана пайда болот. Жаңы төрөлгөн баланын омуртка тутуму алдыга ийилген жаага окшош. Ал эми бала башын көтөрүп, токтотуп жана отура баштаган кезде моюн, желке булчуңдарынын өөрчүшүнүн таасири астында моюн лордозу пайда болот. Бала баса баштаганда бел лордозу, ошол эле мезгилде көкүрөк жана куймулчак кифозу пайда болуп, денени тикесинен тең салмакта кармап туруу үчүн ылайыктуу шарт түзүлөт. Ошону менен бирге омуртка тутумунун ийрилери тикесинен турган адамдын омурткаларынын ортосундагы урунууну азайтып, басканда, чуркаганда, секиргенде алардын сынып кетишинен сактайт. Омуртка тутуму боюнча узата жайгашкан көп сандаган муундардын, кемирчектердин жардамы менен ар кандай кыймылдарды ишке ашырууга болот. Моюн жана бел бөлүгүндө кыймыл абдан өөрчүгөн, анда ичке жана сыртка карай айлануу кыймылдары ишке ашат. Ал эми омуртка тутумунун көкүрөк бөлүгүндө омурткалардын арткы урчуктары бири бирине жакын жана катталышып, алды жактан ага бекиген кабыргалар төш сөөккө биригип, көкүрөктү түзүп, омурткалардын арасындагы кыймыл болот.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8