Оозул (стоматит)

Wikipedia дан
Алдыңкы эриндеги оозул
Жумшак таңдайдагы жараланган стоматит.

Стоматит (оозул) — ооздун былжыр челинин сезгениши. Ал өз алдынча оору же айрым оорулардын (кызылча, скарлатина, грипп, кандидоз жана башкалар) белгиси катары пайда болот.

Пайда болушу[оңдоо]

Стоматиттин пайда болушуна ички органдардын, нерв системасынын өнөкөт оорулары, зат алмашуунун, ички секреция бездеринин иштешинин бузулушу, тамак-ашта витаминдердин жетишсиздиги түрткү берет. Ошондой эле тамеки тартуу, спирт ичкилик ичүү, өтө ысык же муздак, өтө кычкыл жана туздуу дарылардан да болот. Мында ооздун ички былжыр чели кызарып, ооруйт, жаак алдындагы бездери чоңоюп, шилекей көп бөлүнөт. Көпчүлүк учурда жараланып, боз кебер менен капталат. Балдарда көп жолугат. Дене ысып, чыйрыгат, чиринди жыттанат, жалпы абал начарлап, тамак иче албайт.

Афталык стоматит[оңдоо]

Афталык стоматит өз алдынча оору катары тамак сиңирүү органдарынын оорусу менен байланыштуу пайда болот. Анда ооздун ичинде анча чоң эмес жаралар пайда болуп, сары кебер — афта менен капталат, тегереги кызарып катуу ооруйт. Кээде жаралар көп пайда болуп, дене ысып, тамак ичкенде, сүйлөгөндө катуу ооруйт. 3 жашка чейинки балдарда катуу кармайт. Өнөкөт түрү ичеги-карын жолунун жана боордун ооруларына байланыштуу болот.
Айрым дары-дармек, айрыкча антибиотиктерди, сульфаниламид дарыларын көп ичкенде да С. пайда болот. Ал көбүнчө улгайгандарда, катуу ооруп алсызданган кишилерде, ара төрөлгөндөрдө көп жолугат. Көп учурда учтуу, миздүү заттар, бузулган тиш, жасалма тиш менен тилди же бүйлөнү жабыркатуудан травмалык стоматит өөрчүйт.
Бүйлөнүн жабыркашы гингивит деп аталат. Бүйлөнүн сезгенишине тишке таштын чогулушу, туура эмес салынган пломба, жасалма тиш, өтө катуу тиш жуугуч щётка менен тыттырып алуу жана башкалар себеп болот. Ал пародонтоздо, кем ээк же орсок тиште, витамин жетишсиздигинде (цинга) байкалат. Сезгенүү 2—3 тиштин түбүнө же бүт бүйлөгө тарайт. Бүйлө шишимик тартып ооруйт, тиштин арасы канайт. Организм начарлаганда жакында айыкпай, жараланат, кичине эле тийсе канап, ооз жаман жыттанат. Мындай гингивит көбүнчө тамак-ашта С витамини жетишпегенде болот. Тилдин былжыр челинин сезгениши глоссит деп аталат. Эгерде тилди сөөк же башка курч нерселер менен терең айыртып алса, анда ириндүү сезгенүү пайда болот, тил шишийт, тамак жута албай, дене ысыйт, абцесске айланышы мүмкүн. Тилдин былжыр челинин сезгенишинде тил кызарып, ооруйт. Көпчүлүк ооруларда тилдин өңү өзгөрөт, мисалы, скарлатинада мала кызыл болуп калат, келтеде коюу илээшкек кебер, тамак сиңирүү органдарынын ооруларында ак кебер менен капталат.

Дарылоо[оңдоо]

Дарылоо аны пайда кылган себептерге карай жүргүзүлөт. Өз алдынча дарылап, антибиотиктерди ичүүгө болбойт. Тамеки тартууга, спирттүү ичкилик ичүүгө, ошондой эле өткүр, кычкыл, туздуу, ысык тамактарды жегенге тыюу салынат. Тамак-аш витаминдүү жана жумшак болууга тийиш. Үй шартында суутек өтө кычкылынын (жарым стакан сууга 1 чай кашык), фурацилиндин (1 стакан сууга 1 таблетка), марганцовканын мала эритмелери, ошондой эле ромашканы, шалфейди кайнатып чайкоо сунуш кылынат. Бир жумуртканын белогун жарым стакан сууга аралаштырып ууртап ооздо бир аз кармап туруп түкүрүү да жакшы жардам берет.

Алдын алуу[оңдоо]

Стоматитти алдын алууда тиштерди туура күтө билүү, чогулган таштарын тазалатуу, тиштин чиришин өз убагында дарылоо, бузулган тиштерди алдыруу, жасалма тиштер туура жатышына көз салуу өтө маанилүү. Айрыкча диабет, жүрөк-кан тамыр системасынын жана башкалар ооруларынан жапа чеккендер, балдар, кош бойлуулар тишин, ооздун ичин дайыма дарылатып туруулары зарыл.


Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8