Опал

Википедия дан
Опал (Мексика).

Опал (лат. opalus, гр. opallios, санскритче упала – асыл таш) – суулуу кычкылдар классчасынын минералы. Химиялык формуласы SiO2.nH2O. Аморфтуу, катуулугу 5–6,5, тыгыздыгы 1,9–2,3 г/см³. Өңү-түсү көк желе сымал кубулуп турган асыл опал (оттуу опал) – кымбат баалуу ташаары Тунугу да болот (гиалит). Чөкмө, гидротерм жолдору менен пайда болот. Кочкул көк же көгүш опал баалуу. Асыл опалдарга иризацияга негизделген ачык өңдөрдүн нурданышы мүнөздүү (жашыл, көгүш, кызыл рефлекстер ж. б.). Бул кубулуш алардын ички түзүлүшүнө байланыштуу. Опалдар тыгыз жайгашкан майда кремнезёмдордон (глобулдар) түзүлөт. Майда данчаларынын чынжырчасы туура дифракциялык торчону түзөт, ал жарыкты спектрлерге бөлөт. Жарык опалды түзгөн данчалар аркылуу өтүп, интерференцияланат. Ал опалга түстөрдүн оюнун тартуулайт. Асыл эмес опалдарда глобулдардын түзүлүшү туруктуу болбогондуктан, иризация болбойт. Ошондуктан алар тунук болот. Опал морт кремнезёмдун суу эритмелеринде жай чөгүшүнөн пайда болот. Табиятта бул шарт таза кремнезёмду сактаган үбөлөнгөн жанар тоолук тектерде көптөгөн убакыт көңдөйлөрдүн болушунун жана бир нече миң жылда бууланышынан түзүлөт. Көбүнчө опал жылуу булак жана гейзерлердин жанында (жанартоо аймактарда) топтолгон чөкмөлөрдө жолугат. Дүйнөдө спектрдик касиетке ээ асыл опалдын бир нече кени гана белгилүү. Баалуу эмес опалдар тунуктугуна байланыштуу көпчүлүк учурда байкалбай калат. Опал кымбат баалуу асыл таш катары б. з. ч. 400-жылдан белгилүү. 19-кылымга чейин негизги кени Австрия-Венгрияда табылган. Учурда Австралия, Мексика, Казакстан, Бразилияда казылып алынат. Опалдын өзгөрүүсүнөн диотомит, трепел, опока пайда болуп, цемент сырьёсу катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]