Орнитоз

Wikipedia дан
Орнитоз вирустары

Орнитоз (латын тилинен psittacus - тоту) — кишинин жана куштардын вирустар пайда кылуучу жугуштуу оорусу.

Булактары[оңдоо]

Аны менен көбүнчө үй канаттуулары (өрдөк, күрп, каз, тоок жана башкалар) жана жапайы куштар ооруйт. Ооруган куш жем жебей, аз кыймылдайт, көзүнөн, мурдунан суюктук чыгат, кан аралаш чычкактайт. Алар 8—9 күн ооруп, көбүнчө өлүп калат. Оорулуу жана вирус алып жүрүүчү куштар заңы менен кошо оору козгогучтарды айлана - чөйрөгө бөлүп чыгарат. Адамга булганган кол менен оозго же көздүн былжыр челине түшкөндө, ошондой эле вирус менен булганган чаңды дем алганда жугат. Орнитоз көбүнчө куш фермасында, фабрикасында, зоопаркта, зоологиялык дүкөндөрдө иштеген адамдарда көп кезигет.

Орнитоз менен ооруган көгүчкөн

Оорунун жүрүшү[оңдоо]

Организмге кирген вирус тезинен кан аркылуу бүт денеге таралып, айрыкча өпкөгө топтолот. Ал жерде көбөйүп, өпкөнү жабыркатат. Ошондуктан орнитоз оорусуна айрыкча өпкөнүн сезгенүүсү мүнөздүү.
Оору жуккандан 1 — 2 жума оорунун белгиси билинбейт (жашыруун мезгил). Ал капысынан башталат: дененин температурасы тез арада 39—40°ка чейин көтөрүлөт, оорулуу чыйрыгат, алы кетет, башы катуу ооруйт, тамакка табити тартпайт, муундары сыздайт. Кээде мурду канайт, кусат.
Орнитоздун оор түрүндө өпкөнүн сезгенишине менингиттин белгилери да кошулушу мүмкүн. Анда оорулуу жөөлүйт, башы катуу ооруйт, улам эсинен танышы ыктымал. Кээде өнөкөт түргө айланып, узакка созулат. Айрым учурда оорунун мүнөздүү белгилери билинбей өтөт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу зарыл.

Дарылоо жана алдын алуу[оңдоо]

Врач диагнозду коюп, дарылоо жүргүзөт. Орнитоздун алдын алууда оорулуу куштарды жок кылуу, куш фермасында иштегендер үчүн санитария-гигиеналык эрежелерди так сактоо, алардын азыктарын даярдоодо, иштетүүдө атайын кийим кийүү, ооз-мурунду чаңдын киришинен сактоо зор мааниге ээ.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8