Орозо уулу Жумалы

Википедия дан
Орозо уулу, Жумалы‎»‎ барагынан багытталды)

Орозо уулу Жумалы (1966-жылы 10-апрелде туулган) – кытайлык кыргыздардын заманбап акын, журналист, котормочу жана мыйзам жаатын түшүндүргөн публицисттеринин бири.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орозо уулу Жумалы 1966-жылы 4-айдын 10-күнү Кытайдын ШУАРындагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору болгон Артыш шаарына караштуу Каражүл айылында жарык дүйнөгө келген.

4 жашында ата-энеси менен бирге Тегирмети айылынын Ыдыраң (корумдуу) кыштагына көчүп барган.

1973-жылы 7-айдан тарта, Ыдыраң кыштагынын башталгыч мектебинде жана Тегирмети айылдык толук эмес орто мектепте (1979 – 1981-жж) окуду.

1981-жылы 9-айдан 1983-жылы 7-айга чейин Кызыл-Суу облустук 3-орто мектепте окуган.

1983-жыл 9-айдан 1988-жылы 7-айга чейин Шинжаң университетинин Мыйзам илими факултетинде окуган.

1988-жылы 7-айдан 2004-жылы 4-айга чейин Шинжаң эл радио станциясынын кыргыз редакциясында котормочу, кабарчы, кошумча программа жүргүзүүчү, ошондой эле «Закондон кеңеш», «Адам жана закон» программасынын жооптуу жүргүзүүчүсү болуп иштеген.

2004-жылы 4-айдан 2006-жылы 4-айга чейин ошол эле мекеменин коргоо башкармалыгында иштеген.

2006-жылы 4-айда кызматтын талабы боюнча, мекеменин интернет кабарлар борборуна жөткөлүп, мекеменин кыргызча сайтына жооптуу болуп иштеп келет.

Адабият, басма, илим жаатындагы ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумалы Орозо уулу жан жактылуу билим-өнөргө эгедер коомдук ишмер катары белгилүү.

Азырга дейре кыргызча жана кйгурча гезит-журналдарда 150дөн ашуун ырлары, ой толгоо макалалары, тил изилдөө макалалары жарык көргөн.

Ал студенттик кезинде «Кызыл-Суу гезитинде» «Манасчы Жүсүп атама» (1986) деген арноо ыры менен тушоосун кыйган.

«Шинжаң кыргыз адабияты» журналында бир топ ырлары жарыяланган, «Тил жана котормо» журналында котормолору жана көркөм жазуу жөнүндөгү макалалары, тил изилдөө макалалары жарык көргөн, китептер жана үн тасмаларынын мукабаларын иштеген, агартуу басмасы жагынан чыгарылган бир канча кыргызча окуулуктарды которууга катышкан.

Жарык көргөн эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2000-жылы Шинжаң эл басмасынан «Кызгылт таң» аттуу ырлар жыйнагы басылып чыккан.

2002 — 2003-жылдары «Шинжаң гезити» жана «Шинжаң жаштары» катарлуу уйгурча гезит-журналдарда 20дан ашуун ой толгоо макалалары уйгур тилинде жарык көргөн.

“ЭЛ БИЛЕТ” ыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баш деңгээлиң бийикби,
Жаш деңгээлиң бийикби.
Жан-жакасын сынчылап,
Жалпы эл бычат кийитти.

Жүйрүксүңбү, чабалбы,
Чеченсиңби, нааданбы,
Өөдөсүүгө койбостон,
Өмүр сынайт адамды.

Озотсуңбу, ортобу,
Жортоксуңбу, жоргобу.
Жоругуңа жараша,
Жолуң билет ошону.

Жакшысыңбы, жаманбы,
Жалпы эл билет жараңды.
Чеченсүүгө койбостон,
Ченеп берип саламды.

Жабык алган кадам бар,
Жакшы сымак жаман бар.
Жаза бассак кокустан,
Жазаа берет адамдар.

Айткан эле «Эп» болбойт,
Жуткан эле «Жеп» болбойт.
Утурумдук өмүрдө,
Утуп жашайм деп болбойт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]