Орол

Википедия дан

Оролтопоним . Эпосто: «Элибиз жатыр Эриште, Аягы Орол тоосунда» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 26-б.), «Оролдун узун тоосу бар, Ошого жакын барсак деп, Бир кыйла элдин оозу бар» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 28-б.), — деп казак менен кыргыздарды бир эл катары эсептеп, Жакып Алтайдан Анжыянга көчөлү деп уруу аксакалдары менен кеңеш курган окуяда эскерилет. Географиялык реалияда азыркы Орол (Урал) тоосу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4