Оромо

Wikipedia дан

Оромо деп, кыргыздын сүйүктүү тамак аштарынын бирин айтат. Ичиндеги фаршы: эт, пияз, куйрук май Камыры: ун, жумуртка, суу, туз, Даярдоо ыкмасы: Эт менен пиязды майдалап туурап, тузду, мурчту татымына жараша кошуп аралаштырып тыныктырып коёбуз. Камырды анча катуу кылбай жууруп, тынгандан кийин жука кылып жайуу керек. Камырдын ортосуна ич майдан сүйкөйбүз. Жука жайылган камыр майланып, үстүнө майда тууралган эт менен пияз кошулат. Оромону (рулет сыяктуу кылып) ороп койбуз. Касканда оромо суунун буусу менен 40-45 мүнөттө бышып даяр болот.

Ашкабак оромо касканда

Оромонун фаршына картөшкө же ашкабакты да кошсо болот.