Ортопедия

Википедия дан
Ортопедия эмблемасы — түздөлүп аткан бак

Ортопедия (грек тилинен ορθος — түз, оң жана παιδεία — тарбиялоо, окутуу) — медицинанын таяныч кыймыл аппараттын (сөөк менен булчуңдар) тубаса жана кийин пайда болгон деформацияларын жана функцияларынын бузулушун изилдөөчү, аларды алдын алуу жана диагноз коюу, дарылоо методдорун иштеп чыгуучу тармагы.
Ортопедияны франциялык врач Н. Андри илимий негиздеген. Азыркы мезгилде ортопедия дарылоонун хирургиялык методун (остеосинтез, пластикалык операциялар), консервативдик ыкмаларды (физиотерапия, айыктыруу физкультурасы, санаторий-курорттук дарылоо жана башкалар), түрдүү ортопедиялык аппараттарды, протездерди колдонот.

Ортопедия бөлүмдөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Амбулатория ортопедиясы
  • Балдар жана өспүрүмдөр ортопедиясы.
Кол, бут муундарын кыймылдатпай кармоочу ортопедиялык аппарат (туторлор): 1—чыканак; 2— жамбаш; 3— кызыл ашык; 4— тизе муундарына кийгизилүүчү туторлор.

Ортопедиялык аппараттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ортопедиялык аппараттар — адамдын кыймыл органдарынын деформациясын жана майыптыгын дарылоо жана алдын алуу максатында колдонулуучу атайын механикалык түзүлүш. Ортопедиялык аппараттардын бир нече түрү:

  • түзөтүүчү
  • кыймылдатпоочу
  • жеңилдетүүчү жана
  • компрессия-дистракциялоочу аппараттар бар.
Полиомиелиттен жабыркаган бутка кийилүүчү ортопедиялык аппараттын түрлөрү.

Түзөтүүчү аппараттар дененин деформацияланган бөлүгүн акырындап түзөтөт. Буга корсеттер, ортопедиялык бут кийимдер, супинаторлор кирет.

Кол манжалары шал болгондо колдонулуучу ортопедиялык аппарат.

Жеңилдетүүчү аппараттар дене салмагын ооруган жерге эмес, жогору соо жерге түшүрөт. Демейде Томас, Воскобойников аппараттары колдонулат.
Компрессия-дистракциялоочу аппараттар (Илизаров, Сиваш аппараттары) кол, буттун деформациясын (жалган муун, буттун кыйшыгын жана башкалар) оңдойт.
Кыймылдатпоочу аппараттар муундагы, омуртка тутумундагы кыймылды толук же бир аз азайтуу, оордукту жеңилдетүү үчүн колдонулат. Аларга туторлор, шарнирлүү (муунда бир аз кыймылды сактоочу) жана шарнирсиз аппараттар, протездер кирет.
Мындай аппараттар катуу атайын материалдан дененин белгилүү бөлүгүнө ченеп жасалат. Бут протездери басканда денеге таянчык берет. Колго кийилүүчү протездер анын формасын, айрым учурда кызматын калыбына келтирет. Ортопедиялык аппараттар өлчөмү туура келгендей, жеңил, жөнөкөй, оңой кийип-чечилгидей болушу керек. Аппаратты туура эмес колдонгондо тери жооруп, оюлуп кетиши мүмкүн. Андай сүрүлүүнү болтурбоо үчүн аппараттын астынан байпак, ич кийим кийүү сунуш кылынат. Жаш өспүрүмдөргө атайын чоңойтуп-кичирейткичи болбосо тез-тез алмаштырылып туруу талапка ылайык. Кээде ортопедиялык аппараттар ты көпкө кийүүдөн анын астындагы булчуңдар кысылып, алсызданат, арыктайт. Андыктан врачтын кеңеши менен аны киерде жана чечкенден кийин ал жерди укалап туруу, атайын булчуңдарды чыңоочу гимнастика сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8