Орто-Нура

Орто-Нура, Нарын району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Орто-Нура
Район Кыргызстан
Координаттар 41°27′08″ с. ш. 76°12′17″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1542 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Орто-Нура (Кыргызстан)

Орто-Нура, Нарын районуКыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Чет-Нура айыл аймагына кирет. Орто-Нура суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1231 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 25 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 208 км. Кыштак 1930-ж. пайда болгон. Орто мектеп, 2 китепкана, бала бакча, Маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Соода жайлары иштейт. Кыштакта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Ибраев Эсенгул туулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 1133 (1986), 1405 (2007), 1542 (2009) киши[1], негизинен мал багат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.