Орузбаева Бүбүйна

Википедия дан
Орузбаева, Бүбүйна‎»‎ барагынан багытталды)

Орузбаева Бүбүйна (1924-ж. т., Ак-Суу району, Чолпон айлы - 29.10.2013, Бишкек) — тилчи, филология илимдеринин доктору (1966). профессор (1967). Кыргызстан ИАнын академиги (1979; корреспондент мүчө, 1974). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүбүйна Орузбаева 1924-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Чолпон айылында жарды кишинин бүлөсүндө туулган.

Бүбүйна Орузбаева өзүнүн теги жана атасы тууралуу "Азаттык" үналгысына мындайча эскерет:

"Биздин чоң атабыз Орузбай эмес, Ноорузбай экен. Көлдө сөздүн башында тамгасын түшүрүп айтышат. Орузбай болуп калганы ошондон. Анан ошентип 1914-жылы дүйнөлүк согуш чыгып калат. Азамат Алтайлар жазган 16-жылдагы Үркүндүн себептерин ошонун макаласынан окугам, тээ Түркмөнстандан бери башталып, өзбектер, казактар, каракалпактар көтөрүлгөн да. Анан бул жактагыларды орус колонизаторлору кыргызды жыргатты дейсиңби, баягы эле малайчылык, жокчулук. Көлдүн айланасындагы сонун жерлеринин баарына орус кыштактары түшкөн. Кыргыздар болсо коктуларга сүрүлгөн.

Түптүн жанында кыргыздар Тогуз-Булак дейт, орустар Николаевка деген айылда атам инилери менен малай экен. 16-жылы чатак чыкканда кыргыздар да оңой эмес да, үйүнөн алыс кетип көрбөгөн кыргыз жөн калбай ат коюшуп, орус айылдарына кол салышат. Көл жакта көбүнчө казак-орустар экен да, алар куралданган согушкер эл болот турбайбы, империянын чет жакаларына атчан, машыккан аскерлерди коюшкан да. Кагылыш башталып, орустардан да зыян болуп кеткендер болот экен, анан кыргыздар качып жөнөйт...."

1945-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.
1951—54-ж. Кыргыз ССР ИАнын тил, адабаият институтунун кенже, улук илимий кызматкери, 1954—56-ж. директордун илимий иштер боюнча орун басары, 1956—59-ж. грамматика секторуна башчы, 1959—62-ж. директор, 1962—76-ж. ошол институттун түркология жана терминология секторлоруна башчы.
1976—87-ж. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору.
1987-жылдан Кыргыз Республикасынын ИАнын тил, адабият институтунда бөлүм башчы.
1984-жылдан Кыргыз Республикасынын ИАнын Президиумунун мүчөсү.

Ал 2013-жылы 28-октябрда Бишкек шаарында каза болду.



Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын илимий эмгектери кыргыз грамматикасына, лексикологияга жана лексикографияга, кыргыз тилинин тарыхына, кыргыз терминологиясына, тил аралык байланышка, тил илиминин жана айрым түркологиянын проблемаларына арналган.

Орузбаева 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 21 монография, сөздүктөр: анын 10 авторлош) автору. Алгачкы монографияларынын бири «Өткөн чактын формалары» (1953) деген эмгегинде кыргыз тилиндеги өткөн чакты берүүчү морфемдер жана алардын грамматикалык касиеттери изилденген. Ал эми «Кыргыз тилинде сөз жасоо» (1984) аттуу эмгеги кыргыз тилин изилдөөдө маанилүү болгон. Ал бир нече жолу эл аралык түркологиялык конгрестерге катышкан. Түркия лингвистикалык коомунун (Түркия, Анкара ш.) мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984). Медалдар менен сыйланган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилиндеги сөз жасоочу аффикстер. — Фр.: 1958;
Кыргыз адабий тилинин жалпы здцик негизи жөнүндө. — Фр.: 1968;
Лингвистикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү. — Фр.: 1972;
Кыргыз терминологиясы. — Фр.: 1983.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Фрунзе: КСЭнин Башкы редакциясы, 1977-1980. - 1-6-томдор.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]