Орузбаев, Асангалый

Википедия дан

Орузбаев Асангалый (1930-ж. т., азыркы Ак-Суу району, Чолпон айлы) — экономика илимдеринин доктору (1976), профессор (1977), Кыргызстан ИАнын корреспондент мүчөсү (1989). Россия айыл чарба академиясынын корреспондент мүчөсү. (1990). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1990).
1950-ж. Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн.
1953—55-ж. Кыргызстан ИАнын Экономика институтунда улук илимий кызматкер, 1958—65-ж. социализм саясий экономиясы секторунун башчысы.
1965—69-ж. Кыргызстан Компартиясынын БКсы менен Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу партиялык-мамлекеттик контролдун айыл жана суу чарба бөлүмүнүн башчысы.
1969-жылдан Кыргызстан ИАнын Президиумуна караштуу Республиканын илимий иштерин координациялоо советинин терагасынын орун басары.
1974-жылдан Кыргызстан ИАнын Экономика институтунда агрардык өнөр жай комплекси секторунун башчысы, 1980-жылдан Кыргыз Республикасынын Агрардык ишкер экономикалык институтунун (мурдагы Мамлекеттик агрардык өнөр жай комитетинин Экономика изилдөө институту) директору.
Орузбаевдин илимий изилдөөлөрү агрардык өнөр жайдын экономикасына арналган. 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 19 монография; көбү авторлош) автору. Медалдар менен сыйланган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бийик тоолуу Тянь-Шань эонасында айыл чарба өндүрүшүнүн экономикалык эффективдүүлүгү (Тыналисв К. менен авторлош). — Фр.: 1971;
Агрардык өнөр жайлык интеграция кандайча пайда болот. — Фр.: 1979.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.