Орхит

Википедия дан

Орхит — эркектердин урук безинин сезгениши.

Түрлөрү жана себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орхиттин катуу кармаган жана өнөкөт түрү болот. Бруцеллёз, паротит, кургак учук, суу чечек, кызыл жүгүрүк ооруларынын кабылдоосу сезгендириши мүмкүн. Чоң кишилерде табарсыктын, простата безинин оорусунан кийин же калта кырсыкка учураганда орхит келип чыгат.

Белгиси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун белгиси — эн безинин тушу катуу ооруп, көлөмү чоңоёт, дене ысып (39—40°), калтанын териси кызарып, шишип, ысый баштайт. Оору басканда, кыймылдаганда күчөп, жука чурайга жана белге тарайт. Оорулуунун абалы начарлап, башы ооруп, окшуп, кээде кусат. Оору күчөй баштаса сезгенүү жумурткадан жумуртканын кошумча безине, урук түтүгүнүн кабылдашына дуушарлантат. Айрым учурда эн бези кошумча бези менен кошо ириңдеп кетиши мүмкүн.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт, 5 — 6 күнгө чейин төшөктө жатуу, калтаны суспензория менен жогору көтөрүп, байлап ар кандай дарылар берилет, кээ бир учурда операция жолу менен алынып салынат. Орхитти учурунда дарылабаса айрыкча жаш балдарда жыныстык функциянын начарлашына жана тукумсуздукка алып келет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8