Орхон түрктөрү

Википедия дан

ОРХОН ТҮРКТӨРҮ – 5–8-кылымда Борбордук Азияны мекендеген түрк уруулары. Ашина уруусу жетектеген түрк уруулары 460-жылга чейин гунндардын мамлекетинин курамына кирген. 460-жылы алар жужандарга (аварлар) баш ийип калышат. Жужандар аларды Алтайга көчүрүшкөн. Бул жерде түрктөр бай кендерди өздөштүрүп, темир эритип турушкан. Түрк башчылары Асад-шад, Туу жана Бумын мыкты жабдылган кубаттуу атчан аскерлеринин жардамы менен алтай урууларын өздөрүнө багындырган. 552-жылы жужандарды талкалап, Улуу Түрк кагандыгын (552–603) түзүшкөн. Орхон түрктөрүн 745-жылы уйгурлар талкалаган. Алар 10-кылымга чейин жарым-жартылай өз алдынчалыгын сактап калган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.