Осака Университети
Осака Университети (大阪大学, Осака Дайгаку же 阪大, Хандай)- Жапониянын эң ири жогорку окуу жайларынын бири. 1869-жылы негизделинип, 1931-жылы Осака Императордук Университети катары ырасмий түрдө университет статусу ыйгарылган. Университет Осака префектурасынын Тоёнака, Суйта, Мино шаарларына жана Осака шаарынын Наканосима аймагына бардыгы болуп 4 кампусту жайгаштырган. Студенттердин саны боюнча, Жапониядагы мамлекеттик университеттердин ичинен эң чоң болуп эсептелинет.
Мазмуну |
Тарыхы [оңдоо]
Университет Эдо доорундагы Кайтокудо жана Текидзюку мектептеринин негизинде түзүлгөн деп айтылат. Кайтокудо мектеби 1724-жылы ачылган.
Түзүлүшү [оңдоо]
Азыркы күндө, университеттин 11 факультетинде 12000ге жакын студенттер менен 8000дей аспиранттар жана докторанттар окуп, илимий изилдөө менен алектенишет.
Факультеттердин тизмеси:
- Адабият факультети(文学部)
- Гуманитардык илимдер факультети(人間科学部)
- Чет тилдер факультети(外国語学部)
- Юридикалык факультети(法学部)
- Экономика факультети(経済学部)
- Табигый илимдер факультети(理学部)
- Медицина факультети(医学部)
- Стоматологиялык факультети(歯学部)
- Фармацевтикалык факультети(薬学部)
- Инженердик факультети(工学部)
- Инженердик илимдер факультети(基礎工学部)
Университеттин карамагында 6 илимий-изилдөө институту, 2 оорукана жана 4 китепкана иштейт.
Университеттин чыгаан инсандары [оңдоо]
- Хидеки Юкава - Нобель сыйлыгынын лауреаты
- Осаму Тэдзука - белгилүү жапон мангакасы жана аниматору
- Акио Морита - Sony корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири
- Осаму Хаяиси - медициналык Вульф премиясынын лауреаты
- Хейзо Такенака - экономист жана Коидзуминин министирлер кабинетинин мүчөсү
Эл аралык аракети [оңдоо]
Университет Сан-Франциско(АКШ), Гронинген(Нидерланддар) жана Бангкок(Тайланд) шаарларында өз филиалдарын ачкан.