Осло

Отурукташкан жай
Осло
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Норвегия
Регион Чыгыш Норвегия
Фюльке Осло
Координаттар 59°54′40″ с. ш. 10°45′10″ в. д.HGЯO
Мэр Фабиан Станг
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген 1048
Мурунку аталышы Асло, Христиания, Кристиания
Аянты 454 км²
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 623 966 адам (2013)
Жыштыгы 1374,37 адам/км²
Этнохороним ослолук, ослолуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +47 22
Расмий сайты http://www.oslo.kommune.no/
 (норв.)  (англ.)

Осло (норв. Oslo , [↓ʊʂˈlʊ] же [↓ʊsˈlʊ]) – Норвегиянын борбор шаары. Кургактыкка терең кирип турган Осло-Фьорддун жээгинде, Акэрсэльв дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 590,4 миң (2011; шаар айланасы менен 1 млн). Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Осло Акерсхус фюлькесинин (административдик-аймактык бирдик) курамына кирет. Шаардын туристтерди кызыктыруучу негизги жайы – фьорддор. Климаты мелүүн, океандык. Кышы жумшак, кар көп жаайт. Январдын Орточо темпрасы –5°С, июлдуку 16°С. Жылдык жаан-чачыны 677 мм.

Шаар 1048-ж. король Харальд Ш Хардерод тарабынан негизделген. 13-кылымдын аягынан норвегиялык королдордун резиденциясы, 1572-ж. Норвегиядагы даниялык королдордун адмененын борбору. 1624-жылкы өрттөн кийин шаар калыбына келтирилип, Кристиания аталып, өлкөнүн расмий борборуна айланган. 1924жылдан азыркы аталышында. Машина куруу (кеме, электр-техникалык, радиоэлектроника ж. б.), тигүү, полиграфиялык өнөр жай ишканалары өнүккөн. Ослодо 19-кылымдын эски курулуштары аз кездешсе, 14–18-кылымдын курулуштары андан да сейрек. Негизинен заманбап курулуштар басымдуу. Акерсхус чеби (14-к.; шаардын тарыхый очогу), барокко стилиндеги собор (17-к.), ратуша сакталган. Мында жыл сайын Норвегия парламенти атайын дайындаган Нобелдик комитет тарабынан «Тынчтыкты чыңдоодогу ишмердиги үчүн» Нобель сыйлыгы тапшырылат. Шаардын батыш бөлүгүндө көптөгөн парктар [анын ичинде Фрогнер-парк Г. Вигеланн жараткан гигант скульптуралуу (227ге жакын) ансамбли менен] жайгашкан. Норвегия илимий жана ад-т академиялары, университет (1811), мамлекеттик сүрөт академиясы, музейлер [анын ичинде тарых, археол. жана ачык асман астында, «Фарм», «КонТики» (мында саякатчы Тур Хейердалга таандык өздүк коллекция коюлган), ошондой эле өзгөчө музейлер – байыркы мезгилден учурга чейинки лыжа коллекциялары, консерва ж. б.], сүрөт галереясы, театрлар (анын ичинде улуттук, опера ж. б.), консерватория жана китепканалар бар. Ослонун башка борборлордон өзгөчөлүгү – автомобиль жолдорунун жер астында курулганында. Шаар – лыжа спортунун борбору. Ослодо VI кышкы олимпия оюндары (1952) өткөрүлгөн. Ботаникалык бак бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]