Осмонов, Чынтемир

Википедия дан
Осмонов Чынтемир.

Осмонов, Чынтемир (1923, Ак-Суу району, Курбу айлы, азыркы Түп району — 1987, ошол эле жер) — гвардиянын сержанты, Даңк орденинин толук кавалери, 1942-жылдан Советтик Армияда.

Воронеж, Степной, 2- жана 1-Украина фронтунда салгылашкан. Сандомир плацдармын алуу үчүн урушка катышкан. Днестр дарыясынын оң жээгиндеги плацдармды алгандыгы үчүн 3-даражадагы, Хальбендорф айлында душмандын контр чабуулунун мизин кайтаргандыгы үчүн 2-даражадагы, Мускау, Бреслау шаарларын бошотуудагы каармандыгы үчүн 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон.
Согуштан кийин өзүнүн колхозунда иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.