Осмонов Эрмамат

Википедия дан

Осмонов Эрмамат – акын. Ноокат районун Меркит айылында 1935-жылы туулган. 1956-жылы Өзгөн шаарындагы мектеп-интернатты аяктаган. 1960-жылы Токмоктогу Республикалык маданий-агартуу окуу жайын бүтүрүп, Кызыл-Кыя шаарында кыш заводунда жумушчу болуп иштеген. 1961–1965-жж. Фрунзе райондук «Алга» гезитинде адабий кызматкер болуп иштейт. 1963–1965-жж. Кыргызстан БКнын алдындагы Партиялык мектепте окуган. Фрунзе райондук «Ильич нуру» гезитинде бөлүм башчы, редактору болуп иштеп жатып, 1972-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин журналистика жана адабият кафедрасынан билим алган. Андан кийин Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде кабарчы болуп иштейт. 1993-жылдан Кызыл-Кыя шаарындагы «Мезгил жарчысы» шаардык гезитинин редактору болуп иштеп ардактуу эс алууга чыккан. Алгачкы «Бригадирге» деген ыры 1956-жылы Ноокат райондук «Колхозчу» гезитинде жарык көргөн. Кийин ырлары мезгил-мезгили менен басылмаларда, альманах-тарда жана журналдарда жарык көрүп келген.Акындын "Караматкан" деген ырына обончу Жолболду Алыбаев, "Кыргызстаным" деген ырына обончу Жолдошбек Мамажанов,"Козундон учкан учкундар" деген ырына обончу Кудайберген Темировдор обон жаратышкан.Эмгек жолунда жараткан ийгиликтеринин натыйжасында коптогон ардак грамоталар жана мактоо баракчаларга татыктуу болгон. 1970-жылы «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. 1970-жылдан Кыргыз ССРинин Журналисттер союзунун, 1988-жылдан Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2014-жылы 7-июнь да акын Эрмамат Осмонов дуйно м-н кош айтышты. -Жарык көргөн китептери -кыргыз тилинде - Дарбыздар уктап жатыптыр: Балдар үчүн ырлар. – Ф., 1976. – 38 б. Бакалардын сайраны: Балдар үчүн ырлар жыйнагы. – Ф., 1980. – 36 б. Менин тагдырым: Ырлар жыйнагы. – Ф., 1986. – 52 б. Жүрөгүм бир нерсени туюп турат: Ырлар. – Кызыл-Кыя, 1996. – 80 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]