Отит

Википедия дан
Кулактын отитте жабыркоочу бөлүктөрүнүн схемалык берилиши (жара кесилген): 1—сырткы отитте жабыркоочу сырткы кулак; 2— ортоңку отитте жабыркоочу ортоңку кулак жана кулак тарсылдагы; 3— ички отитте жабыркоочу ички кулак.

Отит (байыркы грек тилинен οὖς, ὠτός — кулак)(булак) — кулактын сезгениши.

Бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал сырткы, ортоңку жана ички кулактын отити болуп бөлүнөт. Ички кулактын отити лабиринтит деп аталат.

Сырткы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сырткы угуу өткөөлүнүн сезгенүүсү теринин сыйрылган жерине инфекция түшкөндө болот. Буга үшүтүп же күйгүзүп алуу, кулакты шиш же ширенкенин талы менен чукулоо себеп болот. Мында көбүнчө кулак кычышып башталат, аны басканда, кулак калканын чойгондо, кээде оозду ачканда катуу ооруйт.

Ортоңку[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ортоңку кулактын сезгенишинин катуу кармаган жана өнөкөт түрү болот. Катуу кармаган отит көп тараган, айрыкча балдар көп ооруйт. Ал негизинен жогорку дем алуу жолдорун жабыркатуучу жугуштуу оорулардын (грипп, катуу кармаган сасык тумоо, кызамык, скарлатина жана башкалар) кабылдоосу катары пайда болот. Мурун - кулкуңдун сезгенүүсү тарсылдак көңдөйүнө өтөт. Ортоңку кулактын сезгенүүсүнө аденоиддер, полип, мурун тосмолорунун кыйшаюусу, мурундун бүтүшү, кошумча коңулдардын оорулары да түрткү болот. Ымыркай балдарда бул оору төрөт учурунда ортоңку кулагына каканак суусунун кирип кетишинен болушу мүмкүн. Оору адатта кулак катуу ооруп башталат, эти ысып, угуу начарлайт. Кулактан ириң ага баштаганда (көбүнчө алгачкы күнү) оорусу басаңдайт, температурасы төмөндөп, абалы жакшырат. Кийинки күндөрү оорулуу кулагынын начар укканын сезет. Көпчүлүк учурда оорулуу айыгып, угуусу калыбына келет. Кулактын ооруганын басуу, сезгенүүнү жоготуу үчүн врач жылыткыч компресс дайындайт. Аны ар бир 4—6 саатта которуу (балдардын кулагын күйгүзүп албоо үчүн тез-тез которуу керек) жана жылуу кургак таңуу менен алмаштыруу керек.

Ортоңку кулактын сезгенишинин катуу кармаган отити

Өнөкөт отит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кээде ортоңку кулактын катуу кармаган сезгенүүсү өнөкөт формага өтөт да, кийин кулактын тарсылдак жаргагынын тешигинен мезгили менен көпкө чейин ириң агып, угуу начарлайт.
Көп учурда кулакка суу киргизип алуу өнөкөт сезгенүүнү күчөтөт. Ошондуктан сууга түшкөндө, башты жууганда вазелинге же майга малынган кебезди кулакка тыгып алуу максатка ылайык.
Ортоңку кулактын катуу жана өнөкөт сезгенүүсүндө коркунучтуу кабылдоолор болушу ыктымал; ички кулактын сезгенишинде баш айланат, окшуйт, тең салмактуулук жоголот, мээ кабыкчасы сезгенет, бет нерви шал болот. Кээде ортоңку кулактын өнөкөт же катуу кармаган сезгенүүсүнөн кийин ортоңку кулак көңдөйүндө тырык калып, үн термелүүлөрүнүн өтүшүнө тоскоол кылат да, угуу начарлайт.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу кармаган отитти алдын алуу үчүн организмдн чыңдоо, физкультура жана спорт менен машыгуу, мурун жана кулкун ооруларын өз убагында дарылоо керек. Кулактын сезгенишинин кабылдоосун алдын алуу үчүн оорунун алгачкы белгилери байкалар замат врач — оториноларингологго кайрылып, анын көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл. Ортоңку кулактын өнөкөт сезгенүүсүндө дайыма врачтын көзөмөлүндө болуу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8